Бүгүн дагы 87 адам коронавируска чалдыкты. Соңку маалымат

© Sputnik / Николай Хижняк / Медиабанкка өтүүМобильные комплексы для тестирования на коронавирус в Адыгее
Мобильные комплексы для тестирования на коронавирус в Адыгее - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөгө кулачын жайган коронавирустун азырынча мизи кайта элек. Кыргызстанда да акыркы күндөрү вирус жуктуруп алгандар арбып барат.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстан боюнча 87 кишинин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

  • Бишкек шаары — 48;
  • Чүй облусу - 11;
  • Ош шаары - 18;
  • Ош облусу - 5;
  • Ысык-Көл облусу - 2;
  • Жалал-Абад облусу - 3.
"Стационарда 531 киши жатат, алардын ичинен төртөө реанимацияда. Жаңы жуктуруп алгандардын 22си медицина кызматкерлери. 64 киши байланыш аркылуу жуктурган, 23ү кайдан жуктуруп алганын билбейт", — деди Үсөнбаев.

Ушуну менен республика боюнча вирус жуктуруп алгандардын саны 2372ге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0