Министрлик: абал курч, чектөө кайра кирип калышы толук мүмкүн

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев Ситуация в Кыргызстане в связи с коронавирусом
Ситуация в Кыргызстане в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үсөнбаев экономикалык ишмердүүлүгүнө уруксат берилген мекемелерге кайра чектөө кирип калышы ыктымал экенин кошумчалады.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Өлкөдө эпидемиологиялык абал курчуп кетсе, чектөөлөрдү кайра киргизүүгө аргасыз болобуз. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта коомдук жайларда, анын ичинде базар, соода кылган тармактарда санитардык талаптар аткарылбай жатат.

"Экономикалык ишмердүүлүгүнө уруксат берилген мекемелерге кайра чектөө кирип калышы ыктымал. Бет кап, кол кап кийип, аралыкты сактап коюу кыйынга деле турмак эмес. Коомдук транспорт жүрүп жатат. Анын ичинде бет кап кийбей канча киши жүрөт. Бири-бирине бир ооз сөз айтып, тартипке чакырган эч ким жок. Бейтаптардан кайда жүргөнүн, ким менен байланышта болгонун сурай келгенде алар коомдук транспортко түшүп, эл көп жерге барганын айтышууда. Андыктан сак болуп, бул маселеге түшүнүү менен мамиле кылалы", — деди Үсөнбаев.

Министрдин орун басары жашы өтүп калган жарандарга вирус жуктуруп алуудан сак болууга чакырды.

Кыргызстанда акыркы суткада 87 кишиден коронавирус табылып, жалпы 2372ге жетти. Анын ичинен 1813ү айыгып, 27 бейтап көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0