Бишкекте бир киши сууга чөгүп каза тапса, Жалал-Абадда эки адам изделүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековСуучул издөө иштери учурунда. Архив
Суучул издөө иштери учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаада көлмөгө чөгүп кеткен кишинин сөөгү укук коргоо органдарына өткөрүп берилген. Ал эми Жалал-Абаддагы сууга түшүп кеткен эки адамды издөө иштери уланып жатат.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Кечээ, 14-июнда, Бишкекте бир киши сууга чөгүп каза тапса, Жалал-Абаддан дагы эки адам сууга түшүп кеткен деп изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, борбор калаадагы ГЭС-5 айылындагы көлмөгө 25 жаштагы эркек киши чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Аламүдүн райондук №1 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Достору менен эс алып жүргөн. Ысык-Көлдө 36 жаштагы киши сууга чөгүп кетти
Ошондой эле кечээ күнү Жалал-Абаддын Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагында Нарын дарыясына 17 жаштагы бала түшүп кеткен. Ага жалпы 15 куткаруучу тартылган. Учурда издөө иштери уланууда.

Ушул эле күнү Кара-Көл шаарындагы Кара-Суу дарыясына эркек киши түшүп кеткен. Аны табууга куткаруучулар жана алты укук коргоо органы тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга түшүүдө киши эмнени эске алыш керектигин санап берип, ата-энелерге балдарды кароосуз калтырбагыла деп катуу эскерткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0