Beeline соода маркасы менен таанымал Скай Мобайл компаниясы. Архивдик сүрөт

Beeline компаниясынын башкы директору жана кызматкерлеринен COVID-19 табылды

93
(жаңыланган 12:28 15.06.2020)
Учурда компания кызматкерлери дарыланууда, баарынын абалы жакшы, аларга оорунун жеңил түрү жукканы айтылат.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Beeline соода маркасы менен таанымал "Скай Мобайл" компаниясынын башкы директору Евгений Кражан баш болгон бир нече кызматкери COVID-19 жуктурганы аныкталды. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы билдирди.

Учурда алар дарыланууда, абалы жакшы, оорунун жеңил түрү жукканы айтылат.

“Компаниянын жетекчилиги мындай кырдаалга даяр турган, себеби канчалык чара колдонсоң да, тилекке каршы, кепилдик жок. Март айынан тарта коопсуздук чараларын көрүүгө киришкенбиз. Башкы директор жана кызматкерлер менен байланышта болгондордун баары анализ тапшырды”, — деди компаниянын PR директору Марина Ким.

Ошондой эле ал оорунун жайылышына бөгөт коюу үчүн компаниянын кызматкерлери сентябрга чейин аралыктан иштей турганын билдирди.

93
Белгилер:
компания, оору, жуктуруу, коронавирус, Beeline
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2557)
Тема боюнча
Бүгүн дагы 87 адам коронавируска чалдыкты. Соңку маалымат
Министрлик: абал курч, чектөө кайра кирип калышы толук мүмкүн
Колледжтеги өтүп жаткан сабак. Архив

Билим сапатын жакшыртуу керек. Колледж мугалимдери окутула баштады

7
(жаңыланган 11:41 07.03.2021)
Окутуучулардын тажрыйбасын тереңдетүү "Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун алкагында өтүп жатат.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү системасынын мугалимдеринин квалификациясын жогорулатууга багытталган окутуулар башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Тренингдер "Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун алкагында өтүп жатат.

Алгач Кыргызстан эл аралык университетинин Политехникалык колледжинин мугалимдерине билим берүүдө компетенттүүлүктү ишке ашыруунун ыкмасы боюнча окутуу өткөрүлгөн.

Анда мугалимдерге окутуу модулдарын түзүү жана өткөрүү боюнча керектүү маалыматтар берилип, модулдук билим берүүнүн өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүшкөн.

7
Белгилер:
мугалим, колледж, билим, тренинг, Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргызстан
Тема боюнча
Батракеева: ЖРТга катталгандан кийин телефон номерди өзгөрткөнгө болбойт
Бишкекте 1-апрелден тарта бардык класстын окуучулары мектепке бара баштайт
Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева

Батракеева: ЖРТга катталгандан кийин телефон номерди өзгөрткөнгө болбойт

3
Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева ЖРТга катталгандан кийин абитуриенттер телефон номерин өзгөртпөй турушу керектигин айтты.
Батракеева: ЖРТга катталгандан кийин телефон номерди өзгөрткөнгө болбойт

Онлайн катталууда бүтүрүүчү өзүнүн же болбосо ата-энесинин туруктуу номерин бериши керек. Анткени системага кирүү үчүн логин катары пайдаланылат. Бул тууралуу Чынара Батракеева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, быйыл ЖРТга каттоо www.testing.kg дарегиндеги борбордун сайтында жүргүзүлөт.

"Жалпы республикалык тестирлөөгө катталгандан кийин абитуриенттер телефон номерин алмаштырбай турушу зарыл. Себеби ЖРТга катталууда арыз ээси сайттагы жеке кабинетине кирүү үчүн өзүнүн телефон номерин көрсөтөт. Ал кирүү үчүн логин болот да, ага сыр сөз  берилет. Кийин ушул эле логин келечекте ЖОЖдорго онлайн кабыл алуу үчүн колдонулат. Ошондуктан окууга тапшырып бүтмөйүн номер алмаштырбай туруңуздар", — деди Батракеева.

Адис негизги жана ар бир кошумча предмет үчүн каттоо акысы 370 сом экенин кошумчалады.

3
Белгилер:
окуу, ЖОЖ, абитуриент, ЖРТ, Чынара Батракеева
Тема боюнча
Быйыл бүтүрүүчүлөр ЖРТга жаңы эреже менен катталат. Шарт-талабы