ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын ыкчам нөөмөт бөлүмүнүн башчысы Урматбек Сариев

Күйгөн адамдын сөөгүн көрүп денем дүрт эткен. Өрт өчүрүүчү Сариевдин видеомаеги

565
(жаңыланган 18:06 15.06.2020)
15-июнда Өрткө каршы мамлекеттик кызматы кесиптик күнүн белгилейт. Быйыл бул кызматтын республикада өз ишин аткарып келе жаткандыгына 94 жылдын жүзү болду.

Ар бир кесиптин ары жагымдуу да, түйшүктүү да жагы бар. Тилсиз жоо менен арбашкан жигиттердин, агалардын жашоо абалы, иштөө шарты, дегеле бул тармактын оош-кыйышы тууралуу маалымат алууга белсендик.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын ыкчам нөөмөт бөлүмүнүн башчысы Урматбек Сариевди кепке тартты.

— Кыргызстандагы өрт өчүрүү кызматынын түптөлүшү тууралуу айта кетсеңиз?

— Республикада өрт өчүрүү кызматынын тарыхы 1926-жылдын 20-майына барып такалат. Ушул күнү Фрунзе шаардык кеңеши тарабынан атайын токтом менен өрткө каршы түзүм уюштуруу чечимин кабыл алышкандыгы маалым. КР өкмөтүнүн 28-октябрдагы №795 токтому менен бул күн "Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын күнү" деп бекитилген. Алгач бул кызмат ИИМдин алдында түзүлүп, 2004-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өткөрүп берилген. Борбордо азыркы учурда өрт өчүрүү кызматында 8 күжүрмөн бөлүк, бир куткаруучу жана атайын бөлүк иш алып барууда.

Сотрудница оперативно-дежурного отдела Бишкекского городского управления МЧС на телефонной линии
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Республикада өрт өчүрүү кызматынын тарыхы 1926-жылдын 20-майына барып такалат

— Пандемия маалында сиздердин кызмат да ишке тартылды да?

— Пандемия убагында өрт кырсыктары азайды. Бирок өзгөчө абалда иштөөнүн оош-кыйышын биздин кызматкерлер да тартты. Постто туруу, адамдарды текшерүү, маалыматты тактоо, чет мамлекеттен келген жарандарды тосуп алуу, жер-жерлерге жеткирүү жагында күнү-түнү иштедик. Кээде өздүк курамдын жетишпей калган учурлары да болду. Биздин компетенцияга кирбесе дагы кызматкерлерге тамак-аш ташуу жагын да уюштуруп берип жаттык.

Сотрудники оперативно-дежурного отдела Бишкекского городского управления МЧС
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Борбордо азыркы учурда өрт өчүрүү кызматында 8 күжүрмөн бөлүк, бир куткаруучу жана атайын бөлүк иш алып барууда

— Сиздерде техникалык муктаждык да чоң көйгөй болсо керек?

— Бүгүнкү күндө, албетте, техникалык жактан муктаждык бар. Акыркы кезде Бишкек кеңейип, көп кабаттуу үйлөрдүн арасы тыгыз тартып баратат. Имараттар барган сайын бийиктөөдө. Жогорку кабаттагы үйлөрдөн чыккан өрттү өчүрүүгө атайын техника болсо жакшы болот эле. Бул үчүн автошатылар жана имараттардын арасына сыйган өрт өчүрүүчү машиналар, көп муундуу жылуучу автоунаалар керек. Куткаруу иштеринде атайын жабдыктарга муктажпыз. Шаар боюнча автошатыдан экөө гана бар. Булар менен 9-кабатка чейин гана көтөрүлүүгө болот. Мындан тышкары, өрт өчүрүү жана куткаруу иштерин жүргүзгөнгө 50 метрлик муундуу унаабыз турат. Техниканын деле эскилиги жетти. Өз убагында жаңыртылып турса жакшы болот эле. Азырынча бузулганын өз убагында оңдоп пайдалануудабыз.

Сотрудники оперативно-дежурного отдела Бишкекского городского управления МЧС
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Азыркы убакта өрт өчүрүү тармагында иштеген кызматкерлердин орточо айлыгы 12 миң сомду түзөт. Ээлеген кызматына жана эмгек стажысына жараша маяна берилет

— Акыркы жолу кызматтык унаалар качан жаңыртылды эле?

— 2008-жылы Россиядан өрт өчүрүүчү ЗиЛдер келип, республикадагы бардык өрткө каршы кызматтар бирден унаа менен камсыздалган. Андан кийин башка жактардан бирин-экин жаңы унаалар келгендей болду. Бирок толук жаңыртыла элек. Кээ бир жерлерге чакырык болгондо мобилдик чакан машиналар кириши керек болуп калат. Жер төлөдө иштөөдө, жарык берүүчү, байланыш түзүүчү жана газ түтүгүндө иштеген атайын багыттагы техника жетишсиз. Бишкек шаарында кошумча ДЭПОлорду курууга муктаждык бар. Барган сайын өрттүн саны өсүп жана андан чыккан чыгымдын суммасы да көбөйүүдө. Учурда Россиядан келген ошол унаалардын да эскилиги жетип бүттү. Бирок мамлекеттин абалын биз да түшүнүп турабыз.

Сотрудники оперативно-дежурного отдела Бишкекского городского управления МЧС
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жаңы келгендерге алгач 10 миң сом айлык коюлуп, ал жыл өткөн сайын акырындан жогорулап баштайт

— Учурда өрт өчүрүүчүлөрдүн айлыгы канча?

— Азыркы убакта өрт өчүрүү тармагында иштеген кызматкерлердин орточо айлыгы 12 миң сомду түзөт. Ээлеген кызматына жана эмгек стажысына жараша маяна берилет. Жаңы келгендерге алгач 10 миң сом айлык коюлуп, ал жыл өткөн сайын акырындан жогорулап баштайт.

— Айлык аз экен. Мында иштегендер деле бир үй-бүлөнү баккандар да. Билишимче бир күн иштеп эки-үч күн бош болушат. Көбү кошумча жумуштарда иштесе керек?

— Кароолдук кызмат болгондуктан биздеги кызматкерлер бир сутка иштеп, үч сутка бош болушат. Бул сегиз сааттык иш нормага туура келет. Бирок ошол үч суткада жумушчулар толук эс алат деген түшүнүк жок. Ар кандай пландагы жумуштар болуп калат. Айдоочулар бош күндөрдүн бир күнүн белгилеп алып, машиналарын оңдоп, техникалык кароодон өткөрүп турушат. Ал эми өрт өчүрүүчүлөр спорттук, машыгуучу иш-чаралар болсо келип катышышат. Офицердик курамдагылардын да пландык жумуштары чыгып калат. Негизи аскер адамына кээ бир тармактарда кошумча жумушта иштөөгө тыюу салынган. Жеке ишкердик менен алектенүүгө болбойт. Ошондой эле айрым жумуштарда кошумча иштөөгө мыйзам жол берет. Мисалга, кызматтык багытына жараша мугалим же башка өрт өчүрүү бөлүктөрүндө иштесе болот. Биздеги кызматкерлердин көпчүлүгүнүн мал багып, жер иштеткен чарбасы бар.

Сотрудники оперативно-дежурного отдела Бишкекского городского управления МЧС
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бул кызматта техникалык жактан муктаждык бар. Автошатылар жана имараттардын арасына сыйган өрт өчүрүүчү машиналар, көп муундуу жылуучу автоунаалар керек

— Сиз да кошумча жумушта иштейсизби?

— КГУСТАнын алдындагы Инновациялык технологиялар институтунда Өрт коопсуздугу кафедрасынан окутуучулардын жетишпей жаткандыгы тууралуу кат келген. Ошол каттын негизинде өрт өчүрүүнүн тактикасы сабагынан студенттерге лекция, инструктаж өтүп турам. Бир жылдан бери аталган институтта сабак берип жатам.

Негизи өрткө каршы кызматында 2004-жылдан бери иштеп келе жатам. Мен деле өрт өчүрүүчү болуп каларымды эч ойлогон эмесмин. 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш жана транспорт университетинде өрт коопсуздугу менен иштөө багытында кафедра түзүлгөн. 1999-жылы ошол кафедрага тапшырып, беш жылдан соң иштеп келе жатам. 2011-жылдары кесибим боюнча Москва шаарынан эки жылдык магистратураны аяктап келдим.

Сотрудники оперативно-дежурного отдела Бишкекского городского управления МЧС
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жер төлөдө иштөөдө, жарык берүүчү, байланыш түзүүчү жана газ түтүгүндө иштеген атайын багыттагы техника жетишсиз

— Жумушуңузда катуу таасир эткен окуялар көп эле болсо керек?

— 15 жылдан бери ар кандай кырсыктарга, өрт өчүрүүгө чыгып жүрөм. Бишкектеги ири соода түйүндөрүнө жакын жерде болгон жол кырсыгынын кесепетинен кийинки көрүнүш ушул кезге чейин эсимден чыкпайт. Анда үч машина кагышып, бирөөсү өрттөнүп кетиптир, бир нече адам набыт болгон. Дагы эле элестете берем. Мындан тышкары ири өрттөр болду. Ошол эле Бишкектеги Садыгалиев көчөсүндөгү май куюучу жай өрттөнгөндө эки суткага жакын өчүргөнбүз. Жумушка байланыштуу кырсыктан улам көз жумган, күйүп калган адамдарды көрөбүз. Кийин да ошол көрүнүш көз алдыңа тартыла берет.

Начальник оперативно-дежурного отдела Бишкекского городского управления МЧС Урматбек Сариев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жумушка байланыштуу кырсыктан улам көз жумган, күйүп калган адамдарды көрөбүз. Кийин да ошол көрүнүш көз алдыңа тартыла берет

— Башында кырсыктан көз жумган маркумдун сөөгүн көргөндө адам чочуп, башкача сезимде болсо керек?

— Мен инспектор болуп иштеп жүргөндө көп кабаттуу үйдөн бир батир күйүп кетти. Инспектордун милдети — кырсыкты каттап, чоо-жайын жазып документ толтурат. Жанагы кырсыктаган батирге барып орус улутундагы адамдын өрттөнүп кеткен сөөгүн көрдүм. Ошондо бүткөн боюм дүрт этип, бир башкача абалда болгом. Андан кийин мындай окуялар көп эле болду. Көнө түшөт экенсиң. Бирок кырсыктан кийинки үрөй учурган көрүнүштөр адамдын психологиясына да таасир берерин байкадым.

Начальник оперативно-дежурного отдела Бишкекского городского управления МЧС Урматбек Сариев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Ар бир кырсыктан кийинки үрөй учурган көрүнүштөр адамдын психологиясына да таасир берерин байкадым

— Балдарыңыздын сиздин кесибиңизди аркалоосун каалайт белеңиз?

— Төрт балам бар. Алар азыр кичине, бирок чогуу отуруп калганда келечектеги кыялдары тууралуу айтып беришет. Мен эч кимисине чек койбойм. Байкашымча кичүү балам аскер адамы болууга кызыгат. Анткени аскердик формаларымды жакшы көрүп, мени туурай берет. Бирок балдарымдын ичинен бирөө дарыгер болушун каалайт элем.

565
Белгилер:
КГУСТА, Бишкек, өрт өчүрүүчү, Өрткө каршы кызмат агенттиги, ӨКМ
Тема боюнча
Дааратканада телефон чукуп отура берип, геморрой болгон жаштар көп. Адистин маеги
Айтматов ааламы... Жазуучунун атын алып жүргөн мекеме-уюмдардын тизмеси
Гүлжигит Аалиев: коронавируска шектелгендер январда эле ооруканага түшө баштаган
Көк чай. Архив

Адис узак өмүр сүрүү үчүн төрт эрежени эстен чыгарбоону эскертти

6
Нутрициолог кант диабетинин экинчи түрүнө кабылуу тоболкелчилигин азайтуу үчүн көк чайды көп ичүүнү сунуштаган.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Нутрициолог Марк Гилберт Express басылмасына берген маегинде ден соолукту бекемдеп, узак өмүр сүрүү үчүн туура тамактануу керектигин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Адистин айтымында, биринчи кезекте калориялуу азыктарды азайтуу керек. Анткени калориясы төмөн тамак рациону картаюуну жайлатып, рак, Альцгеймер жана кант диабети илдеттерин алдын алат.

Нутрициолог организмге D витамини өтө зарыл экенин белгилеп, ал иммунитет менен тыгыз байланышта болоруна токтолгон.

"Жемиштерди көп жегиле. Себеби ал жүрөктүн иштөөсүн жакшыртып, иммунитетти бекемдеп, кан басымын түшүрөт. Жемиштер холестериндин топтолушун да алдын алат", — деген адис.

Нутрициолог кант диабетинин экинчи түрүнө кабылуу тоболкелчилигин азайтуу үчүн көк чайды көп ичүүнү сунуштаган.

Бул эрежелерди бир аз убакыт эле сактаган учурда адамдын ден соолугу бир топ жакшыра турганы айтылды. Ал эми аларды дайыма аткарса, адамдын узак жашоо мүмкүнчүлүгү көбөйөт.

6
Белгилер:
кеңеш, ден соолук, өмүр
Тема боюнча
Кайсы суусундук рак оорусун алдын алат? Далилденген изилдөө
Балык уулап жаткан адамдар. Архив

Айыл чарба министрлиги муз үстүндө балык кармоо боюнча мелдеш өткөрөт

7
Бул иш-чара сергек жашоого үндөө жана балык уулоо спортун өнүктүрүү максатында уюштурулууда. Мелдешке ондон ашык команда катышары күтүлүп жатат.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Айыл чарба министрлигинин алдындагы Балык чарба департаменти муз үстүндө балык кармоо боюнча мелдеш өткөрөт. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Чүй-Бишкек балык уулоочулар жана балыкчылар коомдук бирикмеси менен биргеликте уюштурулуп жаткан бул иш-чара 23-январга белгиленген.

"Иш-чара сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу жана Кыргызстанда балык уулоо спортун өнүктүрүү максатында уюштурулууда. Биздин өлкөдө спорттун бул түрүн жигердүү өнүктүрүүгө бардык шарттар түзүлгөн. Учурда Балык чарба департаменти дарыя сууларында жашоочу осман жана форель балыктарын кармоого уруксат билеттерин берет", — деп билдирген Балык чарба департаментинин директору Эдил Ниязов.

Мелдеш Төмөнкү Ала-Арча каналындагы 3-суу сактагычта өтөт. Каалоочулар команда түзүп катыша алышат. Командада капитанды кошкондо төрт адам болушу керек.

Толук маалымат алуу үчүн 0 (312) 31 86 23, 0 (312) 319046, 0 700 95 69 40 номерлерине кайрылууга болот.

7
Белгилер:
Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, балык, мелдеш, балык уулоо
Тема боюнча
Кышкысын балык уулоодо муздун калыңдыгы канча болушу керек?