Кыргыздын чыгаан кыздарынын бири Күлүйпа Кондучалова

Москваны багындырган мугалим Кондучалова. Легендарлуу министр жөнүндө 8 факты

711
(жаңыланган 09:18 16.06.2020)
Бүгүн кыргыздын чыгаан кыздарынын бири Күлүйпа Кондучалованын туулган күнү. Анын 100 жылдыгына карата атайын жумалык жарыяланып, өмүрүн мамлекеттик кызматка, маданиятка арнаган инсандын жасап кеткен эмгектерин, басып өткөн жолу эскерилүүдө.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги дагы легендарлуу министр жөнүндө кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Москвага жол тарткан мугалим. Күлүйпа Кондучалова 1920-жылы Фрунзе шаарынын четиндеги Кара-Жыгач айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Кондучал Ормон уулу тогуз балалуу болуп, анын үчөө гана эрезеге жеткен. Агасы Искендер Улуу Ата Мекендик согуш маалында Сталинградды коргоодо курман болуп, сиңдиси экөө гана калган. Кичинекей кыз сегиз жашында мектеп босогосун аттап, кийин борбор калаадагы педагогикалык училищеге тапшырып, аны 1938-жылы аяктаган. Андан соң Нарын облусундагы Куланак айылындагы орто мектепте мугалим болуп эмгек жолун баштап, директордун орун басары, директор болгонго чейин жетишкен. 19 жаштагы агартуучунун эмгегин Михаил Калинин баалап, ага Москвада "Эмгектеги артыкчылыгы үчүн" медалын тапшырган.

Согуш жылдарындагы окуу. Болочоктогу белгилүү мамлекеттик ишмер 20 жашында Тянь-Шань облустук комсомол комитетинин катчысы болуп, 1943-жылы Москвадагы Жогорку партиялык мектепке жөнөтүлгөн. Ал жакка Турдакун Усубалиев, Асылбек Алтымышбаев, Кудайберген Салиев төртөө барып, Күлүйпа Кондучалова ошол мектепте билим алган биринчи кыргыз кызы болгон. Окуу жылдары Улуу Ата Мекендик согушка туш келип, Улуу Жеңишти дагы Москвадан тоскон. 

Государственный и общественный деятель Кулуйпа Кондучалова и писатель Чингиз Айтматов
© Фото / из семейного архива Кондучаловых
19 жаштагы агартуучунун эмгегин Михаил Калинин баалап, ага Москвада "Эмгектеги артыкчылыгы үчүн" медалын тапшырган

Бир учурда эки министрликти тескеген. Кыргыз ССРине келгенден кийин Фрунзе облустук компартияда бөлүм башчынын орун басары, Коммунисттик партиянын борбордук комитетинде Аялдар менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси, Жалал-Абад обкомунун катчысы болуп иштеп, мамлекеттик кызматтын бардык баскычтарын өткөн. 27 жашында Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты болуп шайланып, эки жылдан кийин төраганын орун басары кызматын аркалап, 1953-жылы Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары болгон. Ошол эле маалда Кыргыз ССРинин тышкы иштер министринин милдетин да аткарып, ал кызматты он жыл аркалаган. Ал эми 1958-жылы маданият министри болуп дайындалып, 60-жылдардын башында эки министрликти башкарган.

Кондучалова жана маданият. Исхак Раззаков 1958-жылы Москвадагы Кыргыз искусствосунун декадасынын өтөрүнө үч жума калганда Кондучалованы министр кылып дайындап, ага чоң жоопкерчилик жүктөгөн. Министр ага чейин беш жылдай маданият тармагын тейлеп иштешип келген. СССРдин борборунда өткөн ал декадага 1100дөй кыргызстандык катышып, иш-чара жогорку деңгээлде өткөн. Мамлекеттик жана партиялык ишмер ал кызматты 22 жыл аркалап, тарыхта легендарлуу министр атка ээ болгон. Кондучалова театр, филармония, музей, студияларда иштеген кызматкерлерди чет өлкөгө окууга жиберип, айрым учурда аларга Москвадан атайын мугалимдерди чыкыртып кесипкөйлүгүн жогорулаткан. Анын учурунда борбор калаада бир катар монумент, эстеликтер тургузулган. Михаил Фрунзенин үй-музейи, кыргыз жана орус драма театры, Кубанычбек Баялинов атындагы китепкана, Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейи ишке кирген. Ош, Нарын жана Караколдо драма театрлары, аймактарда кинотеатрлар салынып, музейлер ачылган. Жергиликтүү адистерди даярдоо үчүн Искусство институту, музыкалык-хореографиялык окуу жайы, облустарда 97 музыкалык жана маданий-агартуу окуу жайлары, балдар музыкалык мектептери, 2,5 миң китепкана пайдаланууга берилген. 

Государственный и общественный деятель Кулуйпа Кондучалова
© Фото / из семейного архива Кондучаловых
Исхак Раззаков 1958-жылы Москвадагы Кыргыз искусствосунун декадасынын өтөрүнө үч жума калганда Кондучалованы министр кылып дайындап, ага чоң жоопкерчилик жүктөгөн

Көрөгөч устат. Марклен Баялинов, Акун Токтосартов, Тенти Мураталиев, Амангелди Керимбаев өңдүү маданият тармагындагы мыкты жетекчилерди жаш кезинде эле байкап, кийин аларга жол көрсөтүп устат болгон. Андан сырткары, башка союздук республикаларда иштеп жүргөн артисттерди Кыргызстанга чакыртып жумушка алган. Министр катары спектакль, концерт, фестивалдардын репетициясына өзү катышып, ири маданий иш-чараларды сөзсүз текшерчү. Эң кызыгы, ал катардагы кызматкерлердин аты-жөнүнө чейин билип, адистердин жашоо-турмушуна кызыгып, алардын көйгөйлөрүн жогорку трибунадан айтып турчу.

Карьера жана үй-бүлө. Кондучалова жолдошу Абды Оролбаев менен бир уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн. Финансист күйөөсү 1961-жылы кайтыш болуп калып, бала-бакырасын өз алдынча тарбиялаган. Ошол эле маалда СССР Жогорку Советине эки жолу, Кыргыз ССРинин Жогорку Советине жети жолу депутат болуп шайланып, бир топ жооптуу кызматтарды аркалаган. 

Государственный и общественный деятель Кулуйпа Кондучалова с семьей
© Фото / из семейного архива Кондучаловых
Кондучалова жолдошу Абды Оролбаев менен бир уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн

Конокко барбаган министр. Кыргыз Республикасынын Баатыры жашоодо өтө жөнөкөй, көп сүйлөбөгөн, такыр таарынганды билбеген адамгерчиликтүү инсан болгонун замандаштары эскерет. Кондучалова ошондой эле аны министр катары мейманга бирөө чакырса, такыр барчу эмес экен. Ал өзүнүн маданият тармагында жакын катышкан адамдарына гана конок болгону айтылат. 

2013 —  скончалась бывший министр культуры советской Киргизии Кулийпа Кондучалова, которая за много лет работы внесла огромный вклад в развитие отечественной культуры
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Кыргыз Республикасынын Баатыры жашоодо өтө жөнөкөй, көп сүйлөбөгөн, такыр таарынганды билбеген адамгерчиликтүү инсан болгонун замандаштары эскерет. Кондучалова 22 жыл маданият министри болуп иштеп, ошол жактан пенсияга чыккан

Маданиятка арналган өмүр. Кондучалова 22 жыл маданият министри болуп иштеп, ошол жактан пенсияга чыккан. Тармактан алыстай албай өмүрүнүн аягына чейин Кыргыз Республикасынын тарых жана маданият эстеликтерин коргоо коомун жетектеген. Өмүрүнүн акыркы күндөрүндө шакирттерине "маданиятты сактагыла" деп керээзин айткан. I жана III даражадагы "Манас" орденинин ээси 2013-жылы 7-сентябрда Бишкек шаарында дүйнөдөн кайткан.

711
Белгилер:
Күлүйпа Кондучалова, факты, министр, Кыргызстан
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (370)
Тема боюнча
13 жашында намыска жараган волейболчу. Окумуштуу Кайып Оторбаев жөнүндө 7 факты
Алма жеп көрбөгөн "автомат" акын. Жеңишбек Жумакадыр тууралуу 6 факты
Күлүйпа Кондучалованын көзүнө илинип... Акун Токтосартов жөнүндө 6 факт
UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив

Көк бөрү көрөбүз! Хабиб машыктыруучусу менен Кыргызстанга келет

91
(жаңыланган 01:19 26.11.2020)
Нурмагомедов Кыргызстанга 2018-жылы келген. Анда ал өлкөдө ушунчалык атактуу экенине таң калганын билдирген.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруучусу Хавьер Мендез Instagram баракчасына Кыргызстанга келип, көк бөрү оюнун көрүү каалоосу тууралуу жазган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Javier Mendez (@akajav)

Мендез менен Нурмагомедов азыр Бириккен Араб Эмирлигинде жүргөнү маалым болду. Машыктыруучу Кыргызстанды кайрадан көргүсү келип жатканын кыргыз ишкери менен жолукканда айткан.

"Кереметтүү Кыргызстанга барууну чыдамсыздык менен күтүп жатам, ошондой эле көк бөрү оюнун да көрсөк дейбиз", — деп жазган Мендез. 

UFC чемпиону да Instagram баракчасынын сторис бөлүмүнө "Жакында Кыргызстанга барам" деп жазган.

Белгилей кетсек, 2018-жылы Хабиб Нурмагомедов Улуттук олимпиада комитетинин чакыруусу менен өлкөгө келип кеткен. Анда ал КРде ушунчалык атактуу экенине таң калганын билдирген.

91
Белгилер:
Көк бөрү, спортчу, тренер, Хабиб Нурмагомедов, Кыргызстан
Тема боюнча
Миссиямды аткардым. Хабиб кайра октагонго чыгар-чыкпасын айтты
Бишкек шаары. Архив

Бейшембиге карата аба ырайы

56
26-ноябрга караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +1...+6, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +3…+8, Нарында -3…+2, Ысык-Көлдө -1…+4 градус болот.

Ош шаарында +4...+6 градус жылуу болсо, борбор калаада абанын температурасы +3...+5 градуска чейин жетет.

56
Белгилер:
Кыргызстан, ноябрь, аба ырайы
Тема боюнча
Күн качан жылыйт? Бир жумага карата аба ырайы