COVID аныкталган 100 киши вирусту кайдан, кантип жуктурган

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы медициналык кызматкерлер. Архив
Ооруканадагы медициналык кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык штаб жарандарды вирустан сак болууга чакырып, эл көп чогулган жерлерге барбай коё турууну суранды.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Акыркы суткада жаңы катталган 100 учурдун теңинен көбү буга чейин ооруган бейтаптар менен байланышта болгондор. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Эске салсак, 16-июнга карата бир сутка ичинде 100 кишиден коронавирус табылды.

Дарыгер ооруканада бейтаптын абалын текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда бир суткада 34 киши коронавирустан сакайды
Билдирмеге ылайык, жаңы катталган 100 учурдун ичинен тогузу сырттан келгендер, 53ү буга чейин ооруган бейтаптар менен байланышта болгондор. Ал эми 38 учуру кайдан жуктурганы белгисиз.

Республикалык штаб жарандарды сак болууга чакырып, эл көп чогулган жерлерге барбай коё турууну суранды. Ошондой эле үйдөн өтө зарыл болгон учурда гана чыгып, санитардык эрежелерди да унутпай так аткарууну эскертти.

Кыргызстанда ушуну менен коронавирус жуктургандардын жалпы саны 2472ге жетип, 1847си айыкты. Тилекке каршы, 28 адам дал ушул вирустун кесепетинен көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0