COVID-19: оорунун белгиси жоктор үйдө дарыланат. Жаңы алгоритм

© AP Photo / Anupam NathВсемирный день борьбы с туберкулезом в Индии
Всемирный день борьбы с туберкулезом в Индии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда ушуну менен коронавирус жуктургандардын жалпы саны 2472ге жетип, анын 1847си айыкты. Тилекке каршы, 28 адам дал ушул вирустун кесепетинен көз жумду.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирусту дарылоонун алгоритми алмашты. Эми оорунун белгиси жоктор үйүндө дарыланарын премьер-министрликке талапкер Кубатбек Боронов парламентте көпчүлүк коалициянын жыйыны учурунда айтты.

Эске салсак, учурда парламентте аз каалоосу менен кызматтан кеткен Мухаммедкалый Абылгазиевдин ордуна жаңы өкмөт башчынын талапкерлиги каралып жатат.

"Мурда илдеттин белгиси барларды деле, жокторду деле ооруканага жаткырып келгенбиз. Белгиси жокторду дарылабасак дагы дарыгердин көзөмөлүндө болсун дедик эле. Азыр дүйнөдөгү көп мамлекеттер аларды үйдө карап жатат. Биз дагы ушул ыкмага өтөбүз", — деди Боронов.

Ал кошумчалагандай, үй шартында дарылангандарга көзөмөл күчтүү болот. Зарылдык жаралса кайтарууга алынары дагы айтылды.

Кыргызстанда ушуну менен коронавирус жуктургандардын жалпы саны 2472ге жетип, анын 1847си айыкты. Тилекке каршы, 28 адам дал ушул вирустун кесепетинен көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0