Шаардык төрөтканасындагы аял ымыркайы менен. Архив

Ош шаарынын төрөтканасындагы COVID. Вирус жалпы 70 адамдан табылган

263
(жаңыланган 16:12 16.06.2020)
Буга чейин шаардагы төрөт үйүнөн коронавирус табылган соң ал жакта иштеген 283 медицина кызматкери, 563 бейтап болуп жалпы 846 кишиден эки жолу ПЦР-тест алынган.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Ош шаарындагы төрөт үйүндө жалпы 70 адамдан коронавирус чыккан. Анын жетөө жаңы төрөлгөн ымыркайлар. Бул тууралуу Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, буга чейин шаардагы төрөт үйүнөн коронавирус табылган соң ал жакта иштеген 283 медик, 563 бейтап болуп жалпы 886 кишиден эки жолу ПЦР-тест алынган.

"846 кишинин ичинен 776сынын анализи таза чыгып, калган 70 кишиден коронавирус табылган. Анын 37си бейтап энелер болсо, жетөө ымыркай, 26сы медицина кызматкери экени маалым болду", — деди Турдуев.

Шаардын биринчи вице-мэри ооруканада дезинфекция иштери жүргөнүн айтып, төрөт үйү Республикалык штабдан тапшырма келгенден кийин бейтаптарды кабыл аларын кошумчалап өттү.

Бүгүнкү күндө Ош шаарында жалпы 280 кишиден коронавирус табылган.

263
Белгилер:
медик, ымыркай, бейтап, Төрөт үйү, коронавирус, Ош
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1552)
Тема боюнча
COVID-19га чалдыккан кишинин оору табылгандагы анализи. Сүрөт
COVID-19: оорунун белгиси жоктор үйдө дарыланат. Жаңы алгоритм
Ош шаарындагы мыйзамсыз курулуштарды алынуусу

Ош шаарында мыйзамсыз курулуштар алынып жатат. Сүрөттөр

5
(жаңыланган 12:01 04.03.2021)
Мэрия шаардыктарды түшүнүү менен кабыл алып, мыйзамсыз тосуп алган жерлерди жана жеңил курулуштарды алууга көмөктөшүүгө чакырып кеткен.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Ош шаарындагы ХБК кичи районунун Салиев көчөсүндө 300гө жакын мыйзамсыз курулуш тазаланды. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.

  • Ош шаарындагы ХБК кичи районунун Салиев көчөсүндө 300гө жакын мыйзамсыз курулуш тазаланды
    Ош шаарындагы ХБК кичи районунун Салиев көчөсүндө 300гө жакын мыйзамсыз курулуш тазаланды
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Билдирмеге караганда, учурда аталган көчөдө көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы кошумча имараттар, тосуп алган короолор, жеңил курулуштар, гараждар алынууда
    Билдирмеге караганда, учурда аталган көчөдө көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы кошумча имараттар, тосуп алган короолор, жеңил курулуштар, гараждар алынууда
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Мындан сырткары, майда азык-түлүк дүкөндөрү да тазаланып жатканы айтылды
    Мындан сырткары, майда азык-түлүк дүкөндөрү да тазаланып жатканы айтылды
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Аталган көчөдө муниципалдык унаа токтоочу жайлар да салынып жатканы айтылды
    Аталган көчөдө муниципалдык унаа токтоочу жайлар да салынып жатканы айтылды
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Мэрия шаардыктарды кырдаалды түшүнүү менен кабыл алып, мыйзамсыз тосуп алган жерлерди жана жеңил курулуштарды алууга көмөктөшүүгө чакырды
    Мэрия шаардыктарды кырдаалды түшүнүү менен кабыл алып, мыйзамсыз тосуп алган жерлерди жана жеңил курулуштарды алууга көмөктөшүүгө чакырды
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
1 / 5
© Фото / пресс-служба мэрии города Ош
Ош шаарындагы ХБК кичи районунун Салиев көчөсүндө 300гө жакын мыйзамсыз курулуш тазаланды

Билдирмеге караганда, учурда аталган көчөдө көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы кошумча имараттар, тосуп алган короолор, жеңил курулуштар, гараждар алынууда. Мындан сырткары, майда азык-түлүк дүкөндөрү да тазаланып жатканы айтылды.

Аталган көчөдө муниципалдык унаа токтоочу жайлар да салынып жатканы айтылды. Мэрия шаардыктарды кырдаалды түшүнүү менен кабыл алып, мыйзамсыз тосуп алган жерлерди жана жеңил курулуштарды алууга көмөктөшүүгө чакырды.

5
Белгилер:
тазалоо, курулуш, мыйзамсыз, Ош мэриясы
Тема боюнча
Бишкекте ири курулуш компания көп жылдан бери мыйзамсыз турак жай куруп келген
Салык кызматы жер семирткич, канаттуу этин мыйзамсыз ташыгандарды аныктады
Президент Садыр Жапаров. Архив

Галина Байтерек: Жапаровдун Facebook аккаунтун бузуп киришти

90
(жаңыланган 11:06 04.03.2021)
ЖМКлардын бири депутат Дастан Бекешев "Жаңы "Ханституция" элдин шору болот" деп айткан видеосун чыгарган. Анын астына Садыр Жапаров деген аккаунт комментарий жазган.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек өлкө башчы Садыр Жапаровдун Facebook аккаунту талкаланганын жана ал соңку комментарийлерди өзү жазбаганын билдирди.

Эске сала кетсек, социалдык тармактарга ЖМКлардын бири депутат Дастан Бекешев "Жаңы "Ханституция" элдин шору болот" деп айткан видеосун чыгарган. Анын астына Садыр Жапаров деген ат менен катталган аккаунт одоно комментарий жазган. Ушу тапта бул билдирүүнүн кызуу талкууланып жаткан чагы.

Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун маалымат катчысы социалдык тармакка жазылган соңку комментарий боюнча түшүндүрмө берди.

"Президент Садыр Жапаровдун Facebook социалдык түйүнүндөгү жеке баракчасы белгисиз бирөөлөр тарабынан бузулду. Ниети бузуктар аталган баракчадан ар кандай посттор менен комментарийлерди калтырышкан. Акыркы комментарийлерге мамлекет башчысынын эч кандай тиешеси жок. Садыр Жапаров коомчулукта айтылган бардык ой-пикирлерге, анын ичинде сын көз караштарга да сый-урмат менен мамиле кылат. Андыктан ал мындай сөздү эч качан айтпайт", — деген Байтерек.

Кечээ Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйында жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум дайындоо демилгесин биринчи окууда колдоп беришкен. Эл өкүлдөрүнүн 87си макул болсо, 9у каршы чыккан. Каршы чыккандардын арасында Дастан Бекешев да бар.

90
Белгилер:
комментарий, депутат, президент, билдирүү, Facebook, Галина Байтерек, Дастан Бекешов, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Жапаров: мени менен түшкөн сүрөтүн көрсөтүп, иш сурагандардан алыс болгула
Жапаров бош убактысында эмне менен алектенерин айтты