Жол кесилиште турган автоунаалар. Архивдик сүрөт

Жол кесилиштеринен өтө албай кыйналып калбаңыз! Айдоочуга кеңештер

(жаңыланган 19:35 16.06.2020)
Айдоочуларга жол эрежесин эскертип туруу ашыкча болбос. Кесилиштен туура бурулуп, башка транспортко тоскоолдук жаратпайын десеңиз Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалга көз чаптырыңыз.

Кесилиштерден өтүүнүн жол-жобосун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы түшүндүрүп берди.

Жол кесилиштери өз ичинен жөнгө салынуучу жана жөнгө салынбай турган болуп экиге бөлүнөт. Ар биринде жүрүү эрежелери ар башка. Жөнгө салынуучу кесилиштер булар жол чырак орнотулган жерлер. Ал эми жөнгө салынбай турган кесилиш — жол чырак жок жерлер же светофордун жарыгы иштебей, сары белгил күйүп-өчүп калган учур.

Жөнгө салынуучу кесилиштен өтүү эрежеси:

— Светофордун жашыл сигналы күйүп, солго бурулаарда айдоочу карама-каршы багытта келе жатып түз өтүүчү же оңго бурула турчу транспорт ээсине жол бериши керек. Башкача айтканда, каршы тилкеде түз келе жаткан автоунааны өткөрүп жиберип андан кийин гана бурулушу зарыл;

— Светофордо сиз үчүн кошумча жарык күйдү. Бирок оң жактан келе жаткан автоунааларга да жашыл күйсө, айдоочу аларга жол бошотуп бериши керек. Аларды өткөрүп жиберген соң гана өткөн оң.

Жол чырак уруксат берип, айдоочу кесилишке чыкты. Бул учурда айдоочу светофордун кандай сигнал бергенине карабай жолун улап кетиши керек. Алсак, жашыл күйгөндө өтүп, кесилишке келгенде кызыл же сары күйүп калса, айдоочу кесилишке токтоп калбашы зарыл.

Светофордун жашылы күйгөндө, айдоочу кесилиштеги кыймылын баштап алган транспорт каражатына да, жөө адамга да жол бериши керек.

Жөнгө салынбаган кесилиштердеги эрежелер:

— Жол чырак жок же өчүп калган кесилишке келгенде экинчи даражадагы жолдо келе жаткан айдоочу жол белгисин карап башкы жолдогу автоунаага жол берүүгө тийиш;

— Бирдей статуска ээ болгон, эч кандай белги жок жолдун кесилишине келип калган учурда автоунаа ээси оң жактан келе жаткан транспортко жол берүүгө милдеттүү;

— Башкы жол кесилиште багытын өзгөртүп калса, башкы жолдо келе жаткан айдоочулар бирдей статуска ээ болгон, эч кандай белги жок жолдун кесилишиндегидей эрежени карманышы керек. Экинчи даражадагы жолдо бара жаткандар да ушул эреже менен кыймылын улантуусу кажет;

— Бирдей статуска ээ болгон, эч кандай белги жок жолдун кесилишинде айдоочу солго бурулуп же артка кайрыла турган болсо, түз же оңго бараткан транспорт каражаттарына жол берүүгө милдеттүү;

— Эгерде жол караңгы болуп же көчөдө ылай, кар жана башка тоскоолдуктар болсо, айдоочу экинчи даражадагы жолдо баратам деп эсептеши керек.

Белгилер:
айдоочу, транспорт, автоунаа, жол эрежеси, Кыргызстан
Тема боюнча
Жадыбалдай жатта! Жол кырсыгына кабылган айдоочу көрө турган 5 чара
Автоунааны кайсы жерге токтотсо эвакуатор алып кетпейт? Кеңеш
Бишкекте Абхазиядан алып келинген автоунаалардын ээлери нааразычылык акциясына чыгышты

Бишкектин борбордук аянтында кайрадан митинг өтүүдө. Видео

(жаңыланган 14:19 19.04.2021)
Өкмөт үйүнүн жанында 100дөй киши чогулган. Алар Кыргызстанга Абхазия өлкөсүнөн келген унааларды мыйзамдаштырууну талап кылышууда.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Бишкекте Абхазиядан алып келинген автоунаалардын ээлери нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Өкмөт үйүнүн жанында 100дөй киши чогулган. Алар адегенде бир убакта сигнал басып, Садыр Жапаровдун жолугушууга чыгышын талап кылышкан. Милиция ызы-чуу чыгарууга жол берилбей турганын айткандан кийин чогулгандар Өкмөт үйүнүн парад өтүүчү жагына барышкан.

Нааразычылыкка чыккандар Кыргызстанга ташылып келинген абхазиялык номер тагылган автоунааларды мыйзамдаштырып берүүнү талап кылышты. Алардын алдына өкмөттүн өкүлү чыгып, көйгөйдү чечүүнүн жолдорун талкуулашты.

Белгилер:
талап, унаа, номер, Абхазия, митинг
Тема боюнча
Министрлик: Абхазиянын номери тагылган унааларды мамлекет алып коюшу мүмкүн
Кыргызстандык делегация Россиянын Екатеринбург шаарында өткөн Жай - 2021 деп аталган туристтик көргөзмөсүнө катышты

Кыргызстандын өкүлдөрү Екатеринбургдагы туристтик көргөзмөгө катышты

(жаңыланган 14:04 19.04.2021)
Көргөзмөдө делегация мүчөлөрү Ысык-Көл аймагынын туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырып, ал катышуучулардын жана коноктордун кызыгуусун арттырды.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кыргызстандык делегация Россиянын Екатеринбург шаарында өткөн "Жай - 2021" деп аталган туристтик көргөзмөсүнө катышты. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

  • Стенд Кыргызской Республики на международной туристической выставке ЛЕТО-2021 в Екатеринбурге
    Кыргызстандык делегация Россиянын Екатеринбург шаарында өткөн "Жай - 2021" деп аталган туристтик көргөзмөсүнө катышты
    © Фото / пресс-служба МИД КР
  • Стенд Кыргызской Республики на международной туристической выставке ЛЕТО-2021 в Екатеринбурге
    Иш-чара 16-17-апрель күндөрү өттү. КР делегациясына Екатеринбургдагы Башкы консулдук колдоо көрсөткөн.
    © Фото / пресс-служба МИД КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба МИД КР
Кыргызстандык делегация Россиянын Екатеринбург шаарында өткөн "Жай - 2021" деп аталган туристтик көргөзмөсүнө катышты

Иш-чара 16-17-апрель күндөрү өттү. КР делегациясына Екатеринбургдагы Башкы консулдук колдоо көрсөткөн.

"Делегация курамына өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев, Кыргызстандын Екатеринбургдагы башкы консулу Руслан Бийбосунов, Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Самат Шатманов жана Ысык-Көлдөгү санаторийлердин өкүлдөрү катышты", — деп айтылат маалыматта.

Жарманкеде Ысык-Көл облусуна өзгөчө "Өнөктөш регион" статусу берилгени айтылат.

Иш-чарада делегация өкүлдөрү Ысык-Көл аймагынын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүштү. Бул өз кезегинде катышуучулардын жана коноктордун кызыгуусун арттырды. Мындан сырткары, алар кызматташуу боюнча россиялык жана чет өлкөлүк кесиптештери менен көптөгөн жолугушууларды өткөрүп, бир катар макулдашуу жана келишимдерди түзүүгө жетишкен.

Иш-чарада Кыргызстандын көргөзмө павильону кызыктуу, мыкты жасалып, катышуучулар жана коноктор көп киргени айтылат. Аны Екатеринбург шаарында жашаган мекендештердин колдоосу менен Башкы консулдук жасаган. Келгендердин баары улуттук суусундуктардан, боорсок жана кургатылган жемиштерден ооз тийип кетишкен.

"Кыргыз делегациясы "Жай - 2021" эл аралык көргөзмөдө Челябинск облусунун туристтик чөйрөсү жана ири өнөр жай ишканаларынын профсоюзу менен жолугушууларды өткөрдү. Анын жыйынтыгы менен Екатеринбург – Тамчы (Ысык-Көл) авиакаттамын ачуу, кызматташуунун кошумча мүмкүнчүлүктөрү жана Кыргызстанга Россиянын Урал аймагынан туристтердин агымын арттыруу маселелери каралган", — деп айтылат билдирүүдө.

Көргөзмө Россиянын Федералдык туризм агенттигинин, Свердлов облусунун инвестиция жана өнүгүү министрлигинин, Россиянын туриндустрия союзунун колдоосу менен Урал туристтик ассоциациясы тарабынан уюшулду. Ага Кыргызстандан тышкары Армения, Болгария, Чехия, Хорватия, Малайзия, Израиль жана башка өлкөлөрдүн делегациялары катышкан.

Белгилер:
Ысык-Көл, катышуучу, көргөзмө, Екатеринбург, Россия
Тема боюнча
Кадыралиев: бизге туристтер көбүнчө Казакстандан жана Россиядан келишет
ТИМ башчысы КМШдагы кесиптештери менен маанилүү документтерге кол койду