COVID-19: симптому жок болгондор эмнеге үйүнө жиберилип жатат? Министрликтин жообу

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOКоопсуз бет капчан кишилер. Архив
Коопсуз бет капчан кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 2562ге жетти. Министрдин орун басарына илдеттин белгилери жоктор үй шартында кантип дарыланып жатканы боюнча суроо түшкөн.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Ооруканада орун аз болгондуктан симптому жок коронавирус инфекциясы табылгандар үй карантинге жиберилди. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Министрдин орун басарына илдеттин белгилери жоктор үй шартында кантип дарыланып жатканы боюнча суроо түшкөн.

"Көбүнчө симптому жок ооругандар дарылоонун атайын түрлөрүн талап кылбайт. Буга чейин биз аларды стационарга жаткырып, көз салып келгенбиз. Бирок учурда саламаттыкты сактоо системасынын жүгү оор болууда. Ошондуктан алгоритм иштеп чыгып, мындай оорулууларды үйүнөн байкоо салып турууга болот деп чечтик. Бул эреже азыр күчүнө кирди. Эгерде азыркы абалга таасирин тийгизбесе, ушундай ишти уланта беребиз", — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 2562ге жетти. Анын 1901и сакайып, үйлөрүнө жөнөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0