Казань шаарынан студенттер менен жаш балалуу кыргызстандыктар учуп келди

© Фото / Республиканский штаб по борьбе с коронавирусомЧартерный рейс из Казани в Бишкек
Чартерный рейс из Казани в Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учуп келгендер тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылат. ТИМ жарандарды сырттан кайтаруу иштери уланып жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Бишкекке Россиянын Казань шаарынан 167 студент жана дагы 15 киши, анын ичинде эки жашка чейинки балдары бар адамдар кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Подготовка к возобновлению внутренних авиарейсов в аэропорту Манас - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга Кореядан мекендештер алып келинди
Ага ылайык, жарандар "Манас" эл аралык аэропортуна "Авиатраффик Компани" авиакомпаниясынын Казань — Бишкек каттамы боюнча чартердик рейс менен келишкен. Бул рейс тууралуу социалдык тармактар менен студенттик тайпаларга маалымат берилип, тизме түзүлгөн.

Учуп келгендер тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылары айтылды.

ТИМ коронавируска байланыштуу авиакаттамдардын токтошунан улам сыртта калып калган жарандарды өлкөгө кайтаруу иштери, анын ичинде студенттерди алып келүү уланып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0