Бүгүн Кыргызстанда дагы 95 кишиден коронавирус чыкты

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүКоронавируска тест жасап жаткан лаборатория кызматкери. Архив
Коронавируска тест жасап жаткан лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Боронов парламенттин жыйынында июндун аяк ченинде вирус жуктуруп алгандардын саны 5000ге чукулдап барарын божомолдогон.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Бүгүн өлкө аймагында дагы 95 адамдан коронавирус чыкканын, анын 14ү медицина кызматкери экенин саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

  • Бишкек — 49;
  • Чүй облусу — 14;
  • Ош — 7;
  • Ош облусу — 7;
  • Баткен облусу — 1;
  • Жалал-Абад облусу — 6;
  • Талас облусу — 4;
  • Нарын облусу — 7.

Ушуну менен республика боюнча 2657 кишиден вирус аныкталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0