Бишкекте коронавирус уюшуп иштеген мекемелерден көп чыгууда

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүОфис. Архив
Офис. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрликтин өкүлү ордо калаада вирус кайсы жерлерден көп катталып жатканын айтып берди. Ошондой эле өз алдынча дарылангандар каттала баштаганын эске салды.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Бишкек шаарында коронавирус көбүнчө мекеме, уюмдардан жана базарлардан катталып жатканын брифинг учурунда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Коронавирус уюшулган коллективдерде аныкталып жатат. Жабык бөлмөнүн ичинде, тыгыз байланышып иштеп жатып оору жуктургандар тууралуу айтылууда. Ошондой эле базар жана соода борборлорунан илдет аныкталууда", — деди Үсөнбаев.

Ошондой эле министрликтин өкүлү өз алдынча дарылангандар каттала баштаганын эске салды.

Айдоочунун температурасын текшерип жаткан кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Министрлик: вирус элди аралап кетти, кайдан жуктурганын билбегендер көп
"Үйүнө жатып алып консультация алып, дарылангандар болууда. Ушунун айынан ооруканага кечигип барып калгандар бар. Эгерде дене табы көтөрүлсө же респиратордук оорулардын белгилери байкалса дароо медиктерге кайрылуу керек. Илдетти убагында дарыласак, кейиштүү окуялардан алыс болот элек", — деди Үсөнбаев.

Республика боюнча 2657 кишиден вирус аныкталып, анын 1933ү айыгып чыкты. Тилекке каршы, оорудан 31 адам көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0