Кишини кармоо. Архивдик сүрөт

7,5 жылга кесилет! Зомбулук көрсөткөндөрдү тосмо арызга карабай камоо сунушталды

(жаңыланган 16:58 18.06.2020)
Сунушталып жаткан мыйзам күчүнө кирип калса үй-бүлө мүчөлөрүнө зомбулук көрсөткөн адам тергөө бүткөнгө чейин камактан чыгарылбайт.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Үй-бүлөлүк зомбулук жасагандарды 5 жылдан 7,5 жылга чейин эркинен ажыратып жазалоо мыйзам долбоору сунушталып, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Демилгечи депутат Исхак Пирматов азыркы мыйзамдар боюнча күйөөсү аялын сабап, ден соолугуна катуу зыян келтирсе да тергөөчүлөр үч сааттан ашык кармай албай турганын айтты. Өзгөчө учурда гана 48 саатка камоого болорун белгиледи. Ал үй-бүлөлүк зомбулукту азайтуу максатында мыйзам долбоорун иштеп чыкканын билдирди.

"Биз азыр аялын же башка үй-бүлө мүчөсүн сабаган факты катталса жана видеодалилдер болсо шектүүнү тергөө бүткөнгө чейин камакта калтырууну сунуштап жатабыз. Буга таяк жеген аялдын арыз жазышы кажет эмес. Ошондой эле тосмо арыз жазуу жана элдешүү деген категорияларды алып салдык. Тергөө бүткөнгө чейин ата-эне, бир тууганы, айыл өкмөтү болобу, эч ким кирише албайт. Эгер жабырлануучу кечире турган болсо сот процессинде гана эске алынат", — деди Пирматов.

Мындан сырткары, буга чейин үй-бүлөлүк жаңжалга баргандарга 30-60 миң айып салуу каралганын айтты. Бирок ал кайра эле үй-бүлөлүк бюджетке сокку ургандыктан айып салуу беренесин четке кагуу демилгеленүүдө.

Учурдагы мыйзам боюнча бир факты катталса эскертүү иретинде күйөөсүнө кайтаруу ордери берилет. Бирок андагы нормаларды сактабай, кайра эле сабай берсе катуу чара көрүү каралган эмес. Сунушталган мыйзам күчүнө кирсе кайтаруу ордеринин талабын бузуп, экинчи ирет зомбулук көрсөткөндөр 5-7,5 жылга чейин кесилет.

Талкуу учурунда эл өкүлдөрү Акылбек Жапаров, Зиядин Жамалдинов, Камчыбек Жолдошбаев, Таалайбек Масабиров бул мыйзам долбооруна каршы чыгып, "атасы камалып кетсе балдарын ким карайт?" деп жазанын башка жолун кароо керектигин айтышты.

Буга депутат Евгения Строкова жаңжалдын үстүндө чоңойгон балдар психикалык жактан оорулуу болуп каларын белгилөө менен жооп берди.

Демилгечи Пирматов болсо сунушталган мыйзамда зомбулук жасаган адамды камоо эң акыркы жол экенин эскертти.

"Аялынын бетине бензин чачып күйгүзгөн, кайнак суу чачкан, катуу сабаган фактылар бар. Жубайын өлтүрүп койгон учурлар да катталууда. Ушундай зомбулукка барган адам бир ай тергөө абагында отуруп турса бир жери түшүп калмак беле. Эч нерсе болбойт. Жарашчу ою болсо сотто көрсөтмө бере берет", — деди Пирматов.

Ал эми Элвира Сурабалдиева 18 жашка чыга элек кыздарды турмушка берүүгө тыюу салып, жазаны күчөткөндө гана бул маселе токтогонун мисал келтирди. Демек, чекеден эле баары камалып кетпей турганын, жазаны күчөтүү менен зомбулуктун алдын алууга болорун айтты.

Белгилер:
мыйзам долбоору, сабоо, жаза, күйөө, аял, зомбулук, үй-бүлө
Тема боюнча
Жакындарына зомбулук көрсөткөн адамдын жазасы катуулайт. Өзгөргөн мыйзам
Жорж Клунинин фонду Оштогу соттолгон аялдын укугу үчүн күрөшүүдө
WhatsApp мессенджердин логотиби. Архив

Жаңы эрежени кабыл албасаңыз WhatsApp сиздин профилди өчүрөт

(жаңыланган 15:26 19.04.2021)
Жаңыланган келишимге ылайык, сиздин адаттарыңызды жана табитиңизди анализдөө үчүн WhatsApp колдонуучулардын жеке маалыматтарын Facebook тармагына өткөрүп берет.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. WhatsApp мессенжери жаңыланган колдонуу келишимин кабыл албаган аккаунттарга 15-майдан тарта чектөө киргизет. Бул тууралуу платформанын сайтында айтылат.

Компания колдонуучунун жаңылануулар боюнча кенен маалымат алуусу үчүн 15-майга чейин убакыт берди. Мессенжер кардарлардын профилин дароо өчүрүп салбайт. Деген менен алар жаңы эрежени кабыл алмайынча башкалардан келген коңгуроолор менен билдирүүлөргө жооп бере албайт.

Россиянын "Башкы радиожыштык борбору" Федералдык мамлекеттик унитардык ишканасынын илимий-техникалык борборунун адистери WhatsApp тиркемесин колдонуу келишиминдеги жаңыланган саясатында АКШнын чалгындоо кызматы тиркеме колдонуучуларын аңдып, алардын пикирин бурмалоо коркунучу пайда болушу мүмкүн деген тыянакка келишкен.

Январь айынын башында WhatsApp колдонуу шарттарын өзгөрттү. Ага ылайык, эми колдонуучулар Facebook жарнама тутумуна жана анын тиркемелерине өзүлөрүнүн адаттары жана табити боюнча маалыматтарын тапшыруусу керек. Кийинчерээк айтылган сындарга байланыштуу мессенжер колдонуу келишиминин мөөнөтүн 8-февралдан 15-майга чейин узартып койду.

Белгилер:
эреже, өчүрүү, жазышуу, аңдуу, WhatsApp
Тема боюнча
Clubhouse колдонгон 1,3 млн. кишинин маалыматы ачыкка чыгып кетти
Оорукананын нейрохирургия бөлүмүндө омурткага операция учурунда. Архив

Нарын облусунда биринчи жолу грыжаны алган операция жасалды

(жаңыланган 15:16 19.04.2021)
Мындан ары грыжасы бар бейтаптар Бишкек шаарына барбастан Нарын облусунда эле операция жасата алышары белгиленди.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Нарын облусунда бел омурткасында пайда болгон грыжаны алган алгачкы операция жасалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын травматология бөлүмүнүн травматологу Талант Калдыбаев билдирди.

Анын айтымында, 14-апрель күнү 41 жаштагы бейтаптын төртүнчү жана бешинчи бел омурткасындагы (L IV-L V) грыжасы алынган. Бейтап бул илдеттен жети жылдан бери жапа чегип келген.

"Бүгүн бейтапка операция жасалганына 5 күн болду, бутуна туруп басып калды. Учурда абалы жакшы. Эми бейтаптар Бишкек шаарына барбастан Нарын облусунда эле операция жасата алышат", — деди дарыгер.

Бул операцияны Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директору Чыңгыз Нарынбеков, директордун дарылоо иши боюнча орун басары Эламан Алиев жана травматология бөлүмүнүн травматолог дарыгери Талант Калдыбаев жасаган.

Белгилер:
бейтап, операция, грыжа, Нарын
Тема боюнча
Невролог Батыров: остеохондроз күчөп отуруп грыжага айланат