БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Журналисттик иликтөөдө айтылган Кыргызстандан чыгарылган миллиондорго Матраимовдордун тиешеси жок. Мындай корутундуну Стамбулда өлтүрүлгөн кытай жараны Айеркен Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия чыгарды.
Убактылуу комиссия иликтөөсүн жыйынтыктап, бүгүн парламентте маалымат берди.
Депутат Марлен Маматалиев "өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылды делген 700 миллион долларга Матраимовдордун тиешеси бар же жок экени аныкталдыбы?" деп сурады.
Буга комиссия төрагасы Талант Мамытов жооп берип, ал каражат ишкерлерге таандык экенин айтты.
"Ал сумма 700 миллион эмес, 932 миллион доллар деп аныкталган. Аталган каражат тергөөдө Кыргызстандын "Кара-Суу" жана Өзбекстандын "Абу-Сахий" базарындагы жеке ишкерлердин акчасы экени тастыкталды. Комиссия дагы ушундай жыйынтыкка келип жатабыз", — деди Мамытов.Эске салсак, Кыргызстандан 700 миллион доллардан ашуун каражат чыгарылып кеткени журналисттик иликтөөдө баяндалган. Анда аты аталган Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбулда өлтүрүлгөн. Ишкер каза болгонго чейин документтердин бир бөлүгүн журналисттерге өткөрүп берип, коррупциялык схемалар жөнүндө ачыктаган. Бирок соңку жана эң маанилүү пакетин бергенге жетишпей калганы айтылган.
Кийинчерээк бул жагдайды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Кыргызстандык бильярдчы Арсен Каленбаев өлкө биринчилигин утуп, чемпион наамын коргоду. Бул тууралуу Кыргызстандын Бильярд федерациясынын башкы катчысы Наргиза Рыскулова билдирди.
Аталган спорттун "Айкалышкан пирамида" түрү боюнча эркектер жана аялдар аралаш ойногон өлкө чемпионаты кечээ жыйынтыкталган.
Финалда Арсен Каленбаев менен Бакыт Болоталиев таймашы алты жеңишке чейин белгиленип, 6:4 эсебинде Каленбаев жеңип алды. Ал эми Абдулла Тагаев менен Кайрат Абсатаров үчүнчү орунду камсыздашкан.
Мелдеш республиканын чемпиондорун аныктоо, Кыргызстанда бильярд спортун өнүктүрүү максатында өткөрүлгөн.
Чемпионат Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекция жана КРдин Бильярд спорту федерациясы тарабынан уюштурулду.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Дарыгерлер куурулбаган жер жаңгак, грек жаңгагы жана ашкабактын уругу адамдын өмүрүн узарта турган касиетке ээ экендигин билдиришти. Бул тууралуу РИА Новости дарыгерлер Елена Малышева менен Андрей Продеустун айтканына таянып жазды.
Алар Биринчи каналдын эфиринен өсүмдүк белогуна бай азыктардын пайдасын кеп кылышкан.
Белок өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын белогу деп бөлүнөт.Медиктердин айтымында, жаныбарлар белогун өсүмдүктүкүнө алмаштырганда онкологиялык оорулардан, кан басымынын жогорулашынан, инсульт жана инфаркттан каза болуу кооптуулугу азаят.
Малышева өсүмдүк белогунун суткалык нормасы 60 грамм жер жаңгагында, грек жаңгагы менен ашкабактын уругунда сакталарын айткан.
"Орточо эсеп менен 100 граммга алганда арахисте 25,8 грамм, ашкабак уругунда 24,5, грек жаңгагында 24,1 грамм белокту толуктайт", — деген Продеус.
Адистер өсүмдүк белогу курамында болгон азыктардын катарын төө буурчак менен буурчак да толуктаарын билдиришкен.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Бишкекке жумушчу сапары менен келди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Күн тартибиндеги эң негизги маселе КР президенти Садыр Жапаровдун Ташкентте жакынкы арада боло турган иш сапарын уюштуруу болмокчу.
Ошондой эле тараптар кыргыз-өзбек көп кырдуу стратегиялык өнөктөштүктүн учурдагы абалын жана келечегин талкуулашат. Аны менен катар регионалдык жана эл аралык уюмдардын алкагында мындан ары өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашышат.