Коронавирус илештирген медиктер. Бир суткада дагы 24үнөн вирус табылды

© REUTERS / Willy KurniawanСитуация в Индонезии в связи с распространением коронавируса
Ситуация в Индонезии в связи с распространением коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 533 учур катталып, анын жарымынан көбү айыккан.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус аныкталган 132 кишинин 24ү медицина кызматкерлери. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Аймактар боюнча:

  • Бишкек шаары — 7;
  • Чүй облусу — 8;
  • Ош шаары — 3;
  • Ош облусу — 1;
  • Нарын облусу — 3;
  • Талас облусунда — 1;
  • Жалал-Абад облусу — 1.

Ошол эле учурда ооруканалардан бир суткада сегиз ак халатчан айыгып чыкканы айтылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 533 учур катталды. Анын 381и сакайып, стационарлардан чыгарылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0