КРден Москва, Санкт-Петербург, Якутияга кетчү чартердик каттамдар уюштурулат

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүРабота аэропорта Внуково
Работа аэропорта Внуково - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каттамдар, учуу мүмкүнчүлүктөрү жана башка маалыматтарды алуу үчүн РФ элчилигинин консулдук бөлүмдөрүнө кайрылуу керек.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы элчилиги жакынкы күндөрү уюштурула турган авиакаттамдардын графигин жарыялады.

Ага ылайык, Бишкек жана Ош шаарларынан Москвага, Санкт-Петербургга, Якутияга чартердик каттам аткарылат.

  • 19-июнь, Бишкек — Якутия, саат 12:00 (Якут аба жолдору);
  • 20-июнь, Ош — Москва, саат 12:30 (Аэрофлот);
  • 21-июнь Бишкек — Москва, саат 16:05 (Аэрофлот);
  • 26-июнь, Бишкек — Санкт-Петербург, саат 17:45 (Аэрофлот);
  • 27-июнь, Ош — Москва, саат 12:30 (Аэрофлот);
  • 28-июнь, Бишкек — Москва, саат 16:05 (Аэрофлот).

Аталган каттамдар, учуу мүмкүнчүлүктөрү жана башка маалыматтарды алуу үчүн РФ элчилигинин Бишкектеги консулдук бөлүмүнө кайрылуу керек. Телефон номерлери: 0312-61-26-15, 0312-61-26-17,

Ош шаарындагы башкы консулдуктун телефон номери: 03222-8-82-21.

Жаңылыктар түрмөгү
0