Жээнбеков: жалган маалымат таратып, медиктердин эмгегин текке кетиргендер бар

Жазылуу
Өлкө башчы жарандарды коронавирус илдетине жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана жакындарына кам көрүүгө чакырды.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Айрымдар коронавирус боюнча чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратып, медиктердин эмгегин жокко чыгарып жатат. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков маморгандардын чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдиргенин президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, өлкө башчы жарандарды коронавирус илдетине жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырган.

"Бул илдет жок, коронавирус ойдон чыгарылган саясат дегендер да жок эмес. Дарыгерлер, улгайган адамдар каза болууда. Бул илдет менен дүйнө жүзү күрөшүп жатат. Ошол себептен дүйнөлүк пандемияга айланды. Мамлекет башчысы катары ар бир мекендешимди жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана өздөрү менен жакындарына кам көрүүгө чакырам", — деди Жээнбеков.

Өлкө башчы "бул илдеттин артынан бийлик акча жасоодо, коронавирус жок" деген жоопкерчиликсиз билдирүүлөр оорунун бар экендигинен күмөн саноого түрткү болуп жатканын да белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0