Бишкекте 14 салыкчыдан коронавирус табылды

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүОфистик имаратты дезинфекциялоо. Архив
Офистик имаратты дезинфекциялоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардан сырткары жети кызматкердин анализи бүдөмүк чыгып, алар кайра тапшырган.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Бишкекте Мамлекеттик салык кызматынын Ленин райондук бөлүмүнүн 14 кызматкеринен коронавирус табылды. Бул аталган ведомствонун басма сөз бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, он күн аралыгында Ленин райондук салык башкармалыгында иштеген 14 адам COVID-19 вирусун жуктуруп алгандыгы аныкталды. Андан сырткары жети кызматкердин анализи бүдөмүк чыгып, алар кайра тапшырышкан.

"Беш адам ишке келбей, аралыктан иштеп жатканда, дагы бирөө эмгек эргүүсүндө жүргөндө вирусту жуктурган. Райондук башкармалыктын бардык кызматкерлеринен анализ алынып, тиешелүү дезинфекциялык иш-чаралар жасалууда. Мекемеге кирген жарандардын дене табы текшерилип, алардын ортосундагы аралык сакталууда", — деп жазылган маалыматта.

Ошондой эле мамлекеттик кызматтан бардык салык органдары штаттык режимде иштеп жаткандыгы маалымдалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0