Мэр баш болгон бир нече адам COVID жуктуруп, Бишкек мэриясы аралыктан иштеп жатат

© Sputnik / Эмиль СадыровБишкек шаарынын мэри. Архив
Бишкек шаарынын мэри. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муниципалитет аралыктан иштөөнү улантар же улантпасын дүйшөмбү күнү чечет. COVID жуктуруп алган мэр Суракматов учурда үйүндө.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясынын жамааты үйдөн иштөөгө өттү деп билдирди муниципалитет аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев Sputnik агенттигине.

Эске салсак, шаар башчысынын коронавирус менен ооруп калганы бүгүн белгилүү болду. Анын дене табы көтөрүлүп турганы айтылды.

"Баарыбыз үйдөн иштеп жатабыз. Дүйшөмбү күнү кырдаалга карап, ишке чыгар-чыкпасыбызды аныктайбыз", — деген Түлөбаев.

Суракматовго чейин мэриянын эки кызматкеринен COVID-19 табылганы кечээ, 19-июнда, кабарланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0