COVID-19: Жогорку Кеңештин депутаттары тыкыр текшерилип жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин жыйыны. Архив
Жогорку Кеңештин жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азырынча парламентте эки гана адамдан коронавирус аныкталды. Алардын бири депутат Бейшеналы Нурдинов, экинчиси маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеште иштеген адамдан коронавирус аныкталган соң депутаттар тыкыр текшерүүдөн өтүп жатат. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Модератор ага парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулунан вирус аныкталган соң, Жогорку Кеңештин депутаттарынан COVID-19 чыккан жокпу деген суроо берди.

"Эпидемиологдор тыкыр иштеп жатышат. Жуга турган учурлар аныкталса, ошол адамдардан тест алуу боюнча чечим кабыл алынат. Азырынча депутат Бейшеналы Нурдиновдон башкаларынын вируска кабылганы боюнча маалымат жок", — деди Үсөнбаев.

Ошондой эле ал айрым эл өкүлдөрүнүн жыйын учурунда беп капсыз отургандыгы боюнча эл арасында талкуу болуп жатканын айтып, депутаттардын мындан аркы жоопкерчилигине ишенээрин билдирди.

Буга чейин Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу коронавируска кабылганы белгилүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0