COVID: Боронов кырдаал кыйын болорун, даярдыкты күчөтүү зарылдыгын айтты

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйыны учурунда
Премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйыны учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы коронавирус боюнча Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда абал курч болуп турганын белгиледи.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал курчуйт, ага карата даярдыкты күчөтүү керек. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр КР Кубатбек Боронов на заседании Республиканского оперативного штаба
Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал курчуйт, ага карата даярдыкты күчөтүү керек. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал курчуйт, ага карата даярдыкты күчөтүү керек. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр КР Кубатбек Боронов на заседании Республиканского оперативного штаба
Боронов коронавирус боюнча Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда абал курч болуп турганын белгиледи - Sputnik Кыргызстан
2/3
Боронов коронавирус боюнча Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда абал курч болуп турганын белгиледи
© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр КР Кубатбек Боронов на заседании Республиканского оперативного штаба
Мындан сырткары өкмөт башчы 118 кызматына нааразы болгондор көп экенине токтолду. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Мындан сырткары өкмөт башчы 118 кызматына нааразы болгондор көп экенине токтолду.
1/3
Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал курчуйт, ага карата даярдыкты күчөтүү керек. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
2/3
Боронов коронавирус боюнча Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда абал курч болуп турганын белгиледи
3/3
Мындан сырткары өкмөт башчы 118 кызматына нааразы болгондор көп экенине токтолду.

Боронов коронавирус боюнча Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда абал курч болуп турганын белгиледи.

“Облус жетекчилери эпидемиологиялык кырдаал боюнча жеке жоопкерчилигиңер бар. Аймактарда абалды көзөмөлдөө иштери толук кандуу жүргүзүлбөй жатат. Коопсуздук кеңештин бардык тапшырмалары сапаттуу жана өз учурунда аткарылышы керек. Ооруканаларда бейтаптардын санынын көбөйүшүн эске алуу менен,  ошондой эле мекемелердеги ар кыл багыттардын ишине даярдык көрүлүүгө тийиш”,  — деди Боронов.

Мындан сырткары өкмөт башчы 118 кызматына нааразы болгондор көп экенине токтолду.

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйыны учурунда - Sputnik Кыргызстан
Коопсуздук кеңеш COVID-19 боюнча кандай чечимдерди кабыл алды. Тизме
“Коомчулук бул кызматка чалуу кыйын болуп жатканына нааразы болууда. Колл-борборго кайрылган жаранга, ыкчам түрдө жардам берилсин, ал эртең мененкиге чейин күтпөшү керек. Ушундай режим менен күнү-түнү бүт өлкө боюнча иштөөгө тийиш. Кызматтын дараметин күчтөндүрүп, кызматкерлердин санын көбөйтүү зарыл”, — деди премьер-министр.

Аны менен катар Боронов жеке лабораториялар тарабынан COVID-19га анализ алуу маселесин иштеп чыгуу маанилүү болуп турганын айткан.

Ошондой эле мамлекеттик органдарга, жеке менчик уюмдарга аралыктан иштөө режимине өтүп, социалдык обочолонуу эрежелерин сактоону сунуштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0