Боронов: Бишкекте дем алыш күндөрү коомдук транспорттун иши токтотулат

© Sputnik / Акылбек БатырбековАла-Тоо аянтында аялдамадагы автобус. Архив
Ала-Тоо аянтында аялдамадагы автобус. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы эпидемиологиялык абал курчуп бара жатканына байланыштуу “Дем алыш күнү үйдө бол!” чакырыгы менен элди тартипти сактоону күчөтүүгө үндөдү.

БИШКЕК, 20-июн. – Sputnik. Бишкекте эпидемиологиялык абал күчөп бара жатканына байланыштуу дем алыш күндөрү - ишемби күнү түштөн кийин жана жекшемби күнү толугу менен коомдук транспорттун кыймылын токтотуп туруу пландалып жатат. Бул тууралуу брифинг учурунда премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

“Учурда өкмөт бул маселени карап жатат. Анткени Бишкек, Ош шаарлары жана Чүй облусунда абал курчуп бара жатат. Мисалы, акыркы суткада 192 адам жуктурса, анын 71и кайдан жуктурганын билбейт. Сурасаң, коомдук транспортко түшүп ар кайсы жактарга барганын айтат”, — деди Боронов.

Бирок таски кызматы жана менчик жана жүк ташуучу автоунаалар каттай берерин билдирди.

Боронов региондор аралык коомдук транспорттор дагы токтотуларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0