Боронов: маршруткаларга каршы катуу чара көрүү керек

© Пресс-служба правительства КРӨкмөт башчы Кубатбек Боронов Бишкек шаары менен Чүй облусундагы эпидемиологиялык абал боюнча жыйын учурунда
Өкмөт башчы Кубатбек Боронов Бишкек шаары менен Чүй облусундагы эпидемиологиялык абал боюнча жыйын учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр мэрия жетекчилигин турак жайларды дезинфекциялоо боюнча начар иштегендигин сынга алып, чараларды күчөтүүнү талап кылды.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Өкмөт башчы Кубатбек Боронов Бишкек шаары менен Чүй облусундагы  эпидемиологиялык кооптуу абал боюнча жыйында санитардык талаптарды сактабай жаткан маршруткалардын айдоочуларына катуу чара көрүүнү айткан. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

"Жүргүнчүлөрдү салонго 60-70 пайыз салуу талабын эч аткарбай жаткан жеке транспорттук компанияларга таандык маршруттук таксилерге карата катуу чараларды көрүү керек. Маршруттук автоунаалар адамдарды толтуруп салып алганын көрүп жатабыз. Бул жаатта тармактык кызматтарга жеке компанияларга карата белгилүү бир мезгилге лицензиядан ажыратууга чейинки таасир этүү механизмдерин карап чыгууну сунуштайм", —  деген Боронов.

Премьер-министр мэрдин турак жайлардын короолорун, көп батирлүү үйлөрдүн балдар аянтчаларын дезинфекциялабай жаткан ишин сынга алып, бул жаатта чараларды күчөтүүнү талап кылган.

Ала-Тоо аянтында аялдамадагы автобус. Архив - Sputnik Кыргызстан
Боронов: Бишкекте дем алыш күндөрү коомдук транспорттун иши токтотулат
Аны менен катар эле санитардык ченемдерди сактабаган коомдук тамактануу жайларынын, май куюучу бекеттердин иши тийиштүү көзөмөлдөнбөй жатканы айтылды.

Кеңешменин жүрүшүндө бала бакчалардын иштөөсүнүн максаттуу маселеси көтөрүлгөн. Кырдаалды талдап чыккан соң, алар боюнча чечим кабыл алынары айтылган.

Өкмөт башчы жарандарды, айрыкча өнөкөт оорулары бар улгайган адамдарды мүмкүн болушунча коомдук жайларга барбай, үйдө болууга чакырган.

Соңку статистика боюнча коронавирусту жуктургандардын саны 2981ге жетип, анын ичинен 1981 адам айыгып чыкты.

Тилекке каршы, 35 адам ажал тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0