Бишкекте сакайгандар жок. Өлкөдө коронавирусту 30 бейтап жеңди

© Sputnik / Илья Московец / Медиабанкка өтүүСитуация в Магнитогорске в связи с обрушением подъезда жилого дома
Ситуация в Магнитогорске в связи с обрушением подъезда жилого дома - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушуну менен коронавирустан айыккандардын жалпы саны 2011ге жетти. Алардын бардыгынын кайталап алынган анализи таза чыккан.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус жуктуруп алган 30 бейтап айыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, коронавирустан айыккандардын жалпы саны 2011ге жетти.

"Бир суткада коронавирустан сакайгандардын ичинен бешөө Чүй облусунан, ону Ош облусунан, тогузу Нарын, төртөө Ысык-Көл жана экөө Жалал-Абад облусунан", — деди Үсөнбаев.

Сакайып чыккандардын бардыгынын кайталап алынган анализи таза чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0