Облустар аралык кыймылга чектөө киреби? Штабдын жообу

© REUTERS / VLADIMIR PIROGOVСитуация в Бишкеке из-за коронавируса
Ситуация в Бишкеке из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эске салсак, Бишкек шаарында да ишемби күнү түштөн кийин дем алыш күндөрү коомдук транспортторду токтото туруу чечими кабыл алынган. Алардын да так датасы айтыла элек.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Кыргызстанда облустар аралык каттаган коомдук транспорттун кыймылына гана чектөө киргизилет. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымына таянып Республикалык штабдан кабарлашты.

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов Бишкек шаары менен Чүй облусундагы эпидемиологиялык абал боюнча жыйын учурунда - Sputnik Кыргызстан
Боронов: маршруткаларга каршы катуу чара көрүү керек
Билдирмеге ылайык, такси кызматтары, жеке транспорт жана жүк ташуучу унаалар бир аймактан экинчи облуска чектөөсүз жүрө берет.

Бирок аймак аралык коомдук транспорт качан токтотулары айтылган жок. Штаб бул боюнча кошумча маалымат берилерин эскертти.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында да ишемби күнү түштөн кийин дем алыш күндөрү коомдук транспортту токтото туруу чечими кабыл алынган. Алардын да так датасы айтыла элек

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 3151ге жетти. Анын ичинен 2011 бейтап айыгып чыкса, коронавирус жуктурган 37 киши көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0