Тоолуу Бадахшан менен Улуу жана Кичи Памирдеги кыргыздарга гумжардам жөнөтүлдү

© Фото / пресс-служба МЧС КРГумпомощь этническим кыргызам в Таджикистане и Афганистане
Гумпомощь этническим кыргызам в Таджикистане и Афганистане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гуманитардык жардамды ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысынын орун басары полковник Алмаз Рыскелдиев башкарган экспедициялык топ алып кеткен.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Тажикстандын Тоолуу Бадахшан облусунун Мургаб, Лахш (Жерге-Тал) райондорунда жана Афганистандагы Улуу, Кичи Памирде жашап жаткан этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Билдирмеге ылайык, гумжардам жүктөлгөн автоунаалардын колоннасы Ош шаарынан чыгып кеткен. 

© Фото / пресс-служба МЧС КРГумжардам жүктөлгөн автоунаалардын колоннасы Ош шаарынан чыгып кеткен
Тоолуу Бадахшан менен Улуу жана Кичи Памирдеги кыргыздарга гумжардам жөнөтүлдү - Sputnik Кыргызстан
Гумжардам жүктөлгөн автоунаалардын колоннасы Ош шаарынан чыгып кеткен

Лахш (Жерге-Тал) районуна жөнөтүлгөн гумжардам:

  • 100 тонна биринчи сорттогу буудай уну;
  • 2000 даана одеяло;
  • 300 куту тазалоочу каражаттар.

Мургаб районуна жөнөтүлгөн гумжардам:

  • 100 тонна биринчи сорттогу буудай уну;
  • 2000 даана одеяло;
  • 250 куту тазалоочу каражаттар.

Улуу Памирге жөнөтүлгөн гумжардам:

  • 12,5 тонна биринчи сорттогу буудай уну;
  • 500 даана одеяло;
  • 100 куту тазалоочу каражаттар;
  • 5 тонна күрүч;
  • 1250 литр өсүмдүк майы;
  • 10 куту медициналык каражаттар.

Кичи Памирге жөнөтүлгөн гумжардам:

  • 12,5 тонна биринчи сорттогу буудай уну;
  • 500 даана одеяло;
  • 100 куту тазалоочу каражаттар;
  • 5 тонна жергиликтүү күрүч;
  • 1250 литр өсүмдүк майы;
  • 10 куту медикамент.

Гуманитардык жардамды ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысынын орун басары полковник Алмаз Рыскелдиев башкарган экспедициялык топ алып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0