Бишкектиктер тутулган күндү сүрөт, видеого тартып алышкан

© REUTERS / Danish SiddiquiСолнечное затмение в Нью-Дели
Солнечное затмение в Нью-Дели - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандыктар өзгөчө астрономиялык кубулушка күбө болуп, күндүн тутулушун көрө алышты. Айрымдары бул учурду сүрөт, видеого тартып алууга жетишкен.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Бишкектиктер соцтармактарга шакекче түрүндө тутулган күндүн сүрөт, видеолорун жүктөшүүдө.

Борбор калаада ал толук көрүнгөн жок, күндүн чекеси эле шакекче түрүндө жабылды. Астрономиялык кубулуш бүгүн, 21-июнда, саат 11:12де башталып, жогорку көрсөткүчү саат 12:35дер чамасында болду.

Күндүн тутулушун байкоого жакшы шарт Кытайдын түштүк тарабында, Индиянын түндүк бөлүгүндө, Пакистандын түштүгү жана бир катар Араб, Африка өлкөлөрүндө түзүлгөн.

Белгилей кетсек, күн тутулуу — эң узак күнгө туура келген (17 саат 33 мүнөт). Баса, бүгүн ай да жаңырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0