Бүгүн 205 кишиден COVID чыкты. Вирус жуктургандар көбөйүүдө

© AP Photo / Virginia MayoКоронавируска анализ жасап жаткан лаборатория кызматкери
Коронавируска анализ жасап жаткан лаборатория кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы күндөрү коронавирус жуктуруп алгандар кескин көбөйүүдө. Арасында вирусту кайдан илештирип алганын билбегендер да арбын.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада 205 кишинин коронавируска кабылганы белгилүү болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

  • Бишкек — 82;
  • Чүй облусу — 33;
  • Ош — 25;
  • Ош облусу — 20;
  • Ысык-Көл облусу — 10;
  • Жалал-Абад облусу — 8;
  • Баткен облусу — 2;
  • Талас облусу — 19;
  • Нарын облусу — 6.

Ушуну менен өлкө аймагында коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 3 356га жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0