Министр: бир үй-бүлө 4 күн той берип, конокторунан COVID-19 аныкталды

© AFP / ROBERTO SCHMIDTОфициант ресторанда. Архив
Официант ресторанда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр тажыяга жана тойлорго көп сандагы киши катышып жатканына аябай тынчсызданып жатканын айтып, элге кайрылды.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Чүй облусунун Москва районунда бир үй-бүлө төрт күнү катары менен той берген, ал жерден коронавирус жуктургандар аныкталды. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

Министр кээ бир жерлерде тажыяга көп сандагы адам келип, тойлорго 50дөн көп киши катышып жатканына тынчсызданып, элге кайрылды.

"Бул COVID-19дун жайылып кетүү коркунучун жаратат. Мисалы, Москва районунда бир үй-бүлө кызын узатып төрт күнү катары менен той бериптир. Эми ошол тойдо болгондордон вирус чыгып жатат. Тилекке каршы, мамлекеттик кызматкерлерден дагы аныкталууда. Жумуштан жугузуп барып үй-бүлөсүнө тараткандар бар. Жөнөкөй эле санитардык нормалар сакталбай жатат. Бир үй-бүлөдөн 5-6 адам ооруканага жатып калган учурлар кездешүүдө", — деди Абдикаримов.

КТРК имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
КТРК кызматкерлери коронавируска шектелүүдө. Жетекчисинин жообу
Мындан сырткары, ал үйдө өз алдынча дарыланбай, алгачкы белгилери байкалганда эле дарыгерлерге кайрылууну эскертти. Соңку учурда бейтаптар өтө оор абалда келип жатканын айтып, өткөн суткада каза тапкан үч адамдын оорусу өтүшүп кеткендиктен ооруканада бир күн жатып эле үзүлгөнүн белгиледи.

Аны менен катар коронавирус балдар, карылар жана кант диабети, гипертониялык оорулары бар адамдар үчүн аябай кооптуу экенин дагы бир ирет эске салды.

Жаңылыктар түрмөгү
0