Министр: ЖК депутаттарынан коронавирус чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин жыйын залы. Архив
Жогорку Кеңештин жыйын залы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин ЖКнын маалымат кызматынын жетекчисинен жана бир депутаттан коронавирус аныкталганына байланыштуу башка эл өкүлдөрүн ПЦР-тесттен өткөрүү боюнча иштер башталган болчу.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттарынын арасында коронавирус жуктуруп алгандар аныкталды, бирок алардын ысымдарын атай албайбыз. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу (солдо) жана ЖКнын төрагасы Дастан Жумабеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
COVID жугат деп күткөм. ЖКнын Басма сөз кызматынын жетекчиси Нуракун уулунун маеги
Модератор министрден депутаттардын анализинин жыйынтыгын сураган. Абдикаримов эл өкүлдөрүнөн оору чыкканын тастыктаганы менен аты-жөнүн жана санын айткан жок.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулунан жана Бейшеналы Нурдинов аттуу депутаттан коронавирус аныкталганына байланыштуу башка эл өкүлдөрүн ПЦР-тесттен өткөрүү боюнча иштер башталган. Алардын басымдуу бөлүгүнүн анализи таза чыкса, ушул аптада Жогорку Кеңештин жыйындары өтмөк.

Жаңылыктар түрмөгү
0