Министр: эпидемиологиялык абал курчуй турган болсо, катаал чаралар көрүлөт

© пресс-служба мэрии города БишкекУкук коргоо органынын кызматкери айылдагы санитардык постто. Архив
Укук коргоо органынын кызматкери айылдагы санитардык постто. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абдикаримов бардыгы эпидемиологиялык кырдаалдан көз каранды экенин айтып, ар бир аймакта мониторинг жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал курчуй турган болсо, катаал чаралар көрүлөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

Модератор "Эмне себептен башында катаал карантин болуп, эми коронавирус жуктургандар көбөйө баштаганда эч кандай чектөөлөр коюлбай жатат?" деген суроону окуган.

"Башында өлкөгө өзгөчө кырдаал, андан кийин өзгөчө абал режимдери киргизилген. Андан соң айрым мекеме, жайлардын экономикалык ишмердүүлүгүнө этап-этабы менен уруксат берилди. Эгер эпидемиологиялык абал ушундай темпте улана турган болсо, катаал чаралар көрүлөт. Баары эпидемиологиялык абалдан көз каранды. Бала бакчалардын ичинен шаарда гана айрымдарынын ишине уруксат берилген. Бирок тарбиялануучулардан да коронавирус чыгып калууда. Ошондуктан бул маселени кайра карап жатабыз", — деди Абдикаримов.

Брифинг учурунда министрге "өзгөчө абал режими кайра кириши мүмкүнбү?" деген суроо да узатылды.

Официант ресторанда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Министр: бир үй-бүлө 4 күн той берип, конокторунан COVID-19 аныкталды
"Ар бир аймакта мониторинг жүргүзүп жатабыз. Эгер жуктургандардын саны көбөйүп, ошол жерде эпидемиологиялык кырдаал татаалдашып кете турган болсо, кээ бир мекеме-жайларды жаап, айрымдарына чектөө киргизүү боюнча штабга сунуш киргизебиз", — деп жооп берди министр.

Кыргызстанда акыркы бир суткада 205 кишиден коронавирус табылып, жалпы саны 3356га жетти. Анын ичинен 2021и айыгып, 40 киши каза тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0