Ысымы тарыхта калат! Болот Шерге бийликтегилер тарабынан жазылган некролог

© Фото / Илгиз ШерниязМурдагы депутат Болот Шер. Архив
Мурдагы депутат Болот Шер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Болот Шердин өмүрү жана басып өткөн эмгек жолу — принципиалдуулуктун, кажыбас эрктүүлүктүн жана күжүрмөндүктүн үлгүсү.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Кыргыз эли орду толгус чоң жоготууга учурады. Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, милициянын генерал-лейтенанты Болот Шер 61 жашында дүйнө салды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы тараткан некрологдо жазылат.

Анда Болот Шердин өмүрү жана басып өткөн эмгек жолу принципиалдуулуктун, кажыбас эрктүүлүктүн жана күжүрмөндүктүн үлгүсү экени айтылат. Ал Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүнүн бекемделишине, демократиялык баалуулуктардын, улуттук оюндардын жайылышына зор салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер катары ысымы тарыхта калары белгиленет.

"Болот Эсентаевичтин жаркын элеси элибиздин эсинде түбөлүккө сакталат. Үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз", — дешкен мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков, экс-президент Роза Отунбаева, премьер-министр, ЖК депутаттары жана коомдук ишмерлер.

Анын сөөгү эртең, 23-июнда, саат 11:00дө Талас облусунун Манас районунун Чоң-Капка айылында коюлат.

Президент Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президент коронавирустан каза болгон медиктин жакындарына көңүл айтты. Некролог
Болот Шер 1959-жылы Талас облусунун Манас районунун Пушкин айылында туулган. Өзүнүн эмгек жолун Москвада Кесиптик техникалык окуу жайын бүтүргөндөн кийин 1977-1982-жылдары курулуш, машина куруу ишканаларында иштөөдөн баштаган.

1988-жылы Фрунзедеги КР Ички иштер министрлигинин атайын милиция орто мектебин бүтүргөндөн кийин 1991-жылга чейин ички иштер органдарында кызмат өтөгөн.

1991-жылы жеке фирманын жетекчиси, 1994-жылы Талас облусунун Манас районунун Үч-Коргон айылдык кенешинин депутаты болгон.

1998-2000-жылдары Кыргызстандын Көк-Бөрү федерациясынын президенттигине шайланып, улуттук көк-бөрү оюнун эл аралык деңгээлге көтөрүп, кыргыз духунун асыл мурасына айлантууга бүткүл күч аракетин жумшап, өзгөчө салым кошту. Болот Шер табиятынан мекенчил, эли-жерин ыйык туткан инсандарыбыздын бири. Ал улуттук каада-салтты кеңири жайылтууга, ал аркылуу элибиздин көөнөрбөс духун бийик көтөрүүгө зор салым кошту.

Экс-спикер Жогорку Кенеша Мукар Чолпонбаев - Sputnik Кыргызстан
Маанилүү мыйзамдарды даярдашкан дасыккан юрист. Чолпонбаевге жазылган некролог
2000-жылы Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, 2005-2007-жылдары Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты, төраганын орун басары жооптуу кызматын аткарды. 2010-жылы Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты болуп шайланды. Депутат катары дайыма орчундуу маселелерди көтөрүп, элдин көйгөйүн акыйкат, тайманбай айтып чыкты.

2010-жылы Апрель элдик революциясынан кийин Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, ички иштер министринин милдетин аткаруучусу болуп иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0