Кыргызстанда коронавирусту аныктоочу тесттер жетиштүүбү? Министрдин жообу

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүТестирование россиян на наличие антител к COVID-19
Тестирование россиян на наличие антител к COVID-19 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр изилдөө жүргүзүүгө багытталган атайын нур аппараттарын алып келүү үчүн Россия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Кыргызстанда жеке коргонуучу каражаттардын бир жылдык запасы камдалат, учурда үч айга жете турган тест-система бар. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

"Бизде үч айга жете турган 100 миң тест-система бар. Азыркы тапта ПЦР-анализдердин келишин күтүп жатабыз. Андан тышкары, 10 лаборатория ачуу планыбыз бар. Изилдөө жүргүзүүгө багытталган атайын нур аппараттарын алып келүү үчүн Россия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ошондой эле жарандардын иммунитетин текшерүү жана скрининг алуу үчүн иммуноферменттик анализ жүргүзүлөт", — деди министр.

Оорукананын курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жаңы оорукана салынышы күтүлүүдө
Ал учурда бардык медицина кызматкерлери бет кап, кол кап, көз айнек жана жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздалганын белгиледи.

"Коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин жеке коргонуучу каражаттардын жылдык запасын камдоого кетчү каражатты эсептеп чыгабыз. Азыр бизде FF3 респиратору жетишсиз болуп, FF2 колдонуп жатабыз. Оорунун очогунда иштегендер үчүн костюмдарга буюртма берилди", — деди Абдикаримов.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда акыркы бир суткада 205 кишиден коронавирус табылып, жалпы саны 3356га жетти. Анын ичинен 2021и айыгып, 40 киши каза тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0