ЖКнын эки депутаты менен аппараттын үч кызматкеринен коронавирус аныкталды

Жазылуу
Учурда Жогорку Кеңештин депутаттары жана аппарат кызматкерлери толук ПЦР-текшерүүдөн өтүп бүтө элек.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин эки депутатына жана аппараттын үч кызматкерине коронавирус жукканы аныкталды. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Эл өкүлдөрү аты-жөнүн айтууга макулдук бербегендиктен, алардын ким экени жарыяланган эмес.

“Инфекция жуктурган депутаттар жана аппарат кызматкерлеринин ысымдарын атай албайбыз. Себеби бул алардын жеке өзүнө тиешелүү маалымат. Айрымдары алыста жашаган туугандарын, ата-энелерин кабатыр кылгысы келбейт. Ооругандардын бардыгы обочолонгон. Соңку кырдаал Жогорку Кеңештин ишине азырынча таасир бербейт, — деп айтылат билдирүүдө.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу (солдо) жана ЖКнын төрагасы Дастан Жумабеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
COVID жугат деп күткөм. ЖКнын Басма сөз кызматынын жетекчиси Нуракун уулунун маеги
Ошону менен бирге учурда Жогорку Кеңештин депутаттары жана аппарат кызматкерлери толук ПЦР-текшерүүдөн өтүп бүтө электиги айтылды.

Бүгүнкү маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов ЖК депутаттарынан вирус аныкталганын айтып, бирок аттарын атаган эмес.

Белгилей кетсек, буга чейин жаңыдан мандат алып “Кыргызстан” фракциясынын лидери Алмаз Баатырбековдун ордуна келген Бейшеналы Нурдиновдон COVID-19 табылган. Андан мурун ЖКнын маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулунан аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0