КТРКда кабарчы кыздан коронавирус чыгып, имарат дезинфекцияланды

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүДезинфекциялоо учурунда. Архив
Дезинфекциялоо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Телеканалдын бир кызматкеринен коронавирус табылган. КТРКнын жетекчиси учурдагы кырдаал боюнча түшүндүрмө берди.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Коомдук телерадиокорпорациянын (КТРК) бир кызматкеринен коронавирус аныкталып, имарат толугу менен дезинфекцияланды. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысына компаниянын жетекчиси Жайнак Үсөн уулу билдирди.

Коронавирус "Ала-Тоо-24" телеканалынын кабарчы кызынан табылган. КТРК жетекчисинин айтымында, анын оорусу жеңил түрдө өтүүдө.

"Бардык каналдар штаттык режимде иштеп жатат. Имараттар бир эмес эки жолу дезинфекцияланды. Алгач Санэпидемстанция, андан кийин өзүбүз тазаладык. Кабарчы менен байланышта болгондун баары карантинге кетти", — деди Жайнак Үсөн уулу.

Кыргызстанда акыркы бир суткада 205 кишиден коронавирус табылып, жалпы саны 3356га жетти. Анын ичинен 2021и айыгып, 40 киши каза тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0