ИИМ: 1-июлда митингге чыгууга үндөгөндөргө каршы иш козголду

Жазылуу
Министрлик соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалып, бийликти кулатууга чакырган адамдарды кармоого багытталган тергөө иштери башталганын белгиледи.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Бийликти күч менен басып алууга жасалган чакырыктар боюнча сотко чейинки тергөө жүрүп жатканын Ички иштер министрлиги кабарлады.

"ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы Балыкчыда төрөлүп Бишкекте жашаган 39 жаштагы тургундун WhatsApp мессенджери жана соцтармак аркылуу элди Жогорку Кеңештин алдына бийликти кулатуу үчүн 1-июлда өтчү митингге чыгууга үндөгөнүн аныктаган", — деп айтылат маалыматта.

Жерди трансформациялоо боюнча мыйзам долбоорунда кемчиликтер бар жана ал кечиктирилип жатат деген талап менен жүздөй адам өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты - Sputnik Кыргызстан
Бүтпөгөн жер көйгөйү: трансформация мыйзамына нааразылар митингге чыкты
Мындан тышкары, "Чон-Казат" тобунун мүчөсү, Москвада жашаган Базар-Коргон районунун 32 жаштагы тургуну интернет аркылуу "депутаттарды кошуп туруп Ак үйдү өрттөөгө" чакырган аудиосун таратып жиберген.

Бул фактылар Кылмыш жаза кодексинин 310-беренеси ("Бийликти басып алууга үндөө") менен бирдиктүү реестрге катталды.

Ушу тапта тиешелүү соттук-лингвистикалык экспертизалар дайындалып, аталган жарандарды кармоо үчүн тергөө иштери жүрүүдө.

ИИМ чагымчыл билдирүүлөрдү жайылтуудан алыс болууну, ушул сыяктуу фактылар тууралуу ички иштер органдарына 102 номери аркылуу байланышка чыгуу керектигин эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0