Коронавирус жукту деген шек пайда болсо эмне кылуу керек? Сунуштама

Жазылуу
Өзүңүзгө же жакындарыңызга коронавирус жукканы боюнча шек санап жатсаңыз эмне кылуу керек? Оорунун белгилери кандай жана кимге чалуу шарт. Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын материалынан тааныша аласыздар.

Соңку убакта өлкөдө коронавируска кабылгандардын саны кескин жогорулап жатат. Көпчүлүк учурда жарандар кайдан жуктуруп алганын билбейт, деген менен алардын базарга жана башка коомдук жайларга барганы белгилүү.

Саламаттык сактоо министрлиги жана Республикалык штабдын сунуштамаларына таянуу менен "мага да коронавирус жуктубу" деп шек санагандар үчүн кыскача маалымат даярдадык.

COVID-19 кандай жол аркылуу жугат?

  • Жөтөлгөндө, чүчкүргөндө жана сүйлөшкөндө шилекей чачыраса;
  • Аба жана чаң аркылуу;
  • Кол алышуу жана башка күнүмдүк турмуштагы байланыш аркылуу;

Коронавирустун белгилери:

  • Дене табы көтөрүлүү;
  • Жөтөл;
  • Дем алуусу оорлошуп, деми кысылуу;
  • Шалдыроо, алсыроо;
  • Баш оору;

Оорунун белгилери коронавируска чалдыккан адам менен байланышкандан 14 күндөн кийин пайда болушу ыктымал. Көп учурда анын симптомдору респиратордук ооруларга окшоп суук тийгендей болуп, сасык тумоо сыяктуу таасир этиши ыктымал.

Коронавирус жукканына шек санаса эмне кылуу керек?

Үйдөн чыкпай обочолонуу режимин сактаңыз. Бет кап тагынып, аны ар үч сааттан кийин алмаштырып туруңуз. Дене табыңызды текшерип, үй-бүлөлүк дарыгерлерге же 118, 112, 103 ыкчам байланыш номерлерине чалыңыз. Соңку эки жумада каякка барып, кимдер менен жолукканыңызды каттап коюңуз.

Ооруканада медицина кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
36 бейтап оор абалда. Коронавирустан дарыланып жаткандардын акыбалы
Бир бөлмөдө аз алдынча жашоого, үй-бүлө мүчөлөрү менен да байланышпоого аракет кылыңыз. Сизге бир гана адам тамак ташып, керектүү нерселерди алып келип берип турсун.

Жөтөлүп же чүчкүрүп жаткан учурда ооз менен мурунду бир жолу колдонулуучу кагаз бет аарчы менен жабыңыз. Колдонулган кагаз бет аарчыларды оозу жабылуучу таштанды челекке таштоо керек. Мындан соң колду самындап жууп же спирт камтылган антисептикалык каражат менен дезинфекциялоо зарыл.

Жеке буюмдарды — идиш-аяк, сүлгү, шейшеп жана башкаларды пайдалануу зарыл.

Бөлмөнү дезинфекциялап жана тез-тез желдетип туруңуз.

Үйдө өзүн-өзү дарылап жата берүү өтө кооптуу, муну өзгөчө өнөкөт оорусу бар адамдар эске алышы керек.

Өзүңүз барып тест тапшыра аласызбы?

Эгер сизде коронавирустун эки-үч симптому болсо ыкчам байланышка чалгандан кийин мобилдик бригада келет. Медиктер сизден тест алып кетип, жыйынтыгын айтат. Эгер сизде симптомдор байкалып, шектенүүдөн арылуу үчүн текшерилгиңиз келсе, жеке менчик лабораторияларга кайрылыңыз. Бул учурда тест тапшырууга акы төлөйсүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0