Бет кабы жок жүргүнчүлөрдү троллейбустардан түшүрүп салышууда. Видео

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүВ Москве введен режим самоизоляции для всех жителей
В Москве введен режим самоизоляции для всех жителей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаар мэриясы эпидемиологиялык кырдаалдын начарлаганына байланыштуу рейд жүргүзүүнү улантууда.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Бишкекте бет капсыз жүргөн жүргүнчүлөрдү аныктоо боюнча рейддер уланып жатканын муниципалитет билдирди.

Мындай иштер эпидемиологиялык кырдаалдын начарлаганына байланыштуу жасалып жатат.

Бишкек мэриясынын жарыялаган видеосунда кызматкерлери бет кап тагынбай жүргөн жүргүнчүлөрдү коомдук транспорттон түшүрүп салып жатканын көрүүгө болот.

​"Кечиргиле, бирок мындан башка аргабыз калбай калды. Маскасыз жүргөндү кууп чыгып жатабыз", — деп жазылат билдирүүдө.

Буга чейин мэрия ар бир аялдамада бет кап тагынууга чакырган муниципалдык кызматкерлер иштеп жатканын айткан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0