Коронавирустан ажал тапкандар. Өлүмгө кандын тобу да таасир этет

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүКан менен пробирка лабораториянын кызматкеринин колунда. Архив
Кан менен пробирка лабораториянын кызматкеринин колунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин адистер каны экинчи топко кирген адамдар башкаларга салыштырмалуу коронавируска көп туруштук бере албай турганын айткан.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Коронавирус жуктуруп, оору өтүшүп кеткен учурда каны экинчи топко киргендер башкаларга салыштырмалуу көбүрөөк каза болот. Бул тууралуу ирандык адистердин иликтөөсүнө таянып РИА Новости кабарлады.

Буга чейин кытайлык жана америкалык илимпоздор да ушундай эле жыйынтыкка келишкен.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дүйнө пандемиянын кооптуу учуруна кирди. ДССУ жетекчисинин кайрылуусу. Видео
Адистердин айтымында, коронавирус инфекциясын каны экинчи топко киргендер көтөрө албай кыйналат. Изилдөөгө ылайык, коронавирус жуктуруп алып көз жумгандардын арасында каны үчүнчү жана төртүнчү топко киргендер азыраак. Ал эми биринчи топко киргендер коронавируска бир топ туруштук бере алары аныкталган.

Буга чейин федералдык биологиялык агенттиктин башчысы Вероника Скворцова көбүнчө коронавирусту каны экинчи топко киргендер жуктурарын айткан. Германиялык окумуштуу Андре Франке башында турган медиктер менен молекулярдык биологдордун тобу дагы каны экинчи топко кирген адамдар башкаларга салыштырмалуу коронавируска көп туруштук бере албай турганын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0