Акыркы суткада коронавирустан 33 киши айыкты

© AP Photo / Pavel GolovkinДарыгерлер. Архив
Дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республика боюнча жалпы 2054 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын басымдуу бөлүгү Чүй облусунун тургундары.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Бир сутка ичинде коронавирустан сакайып, ооруканадан 33 бейтап чыгарылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

“Алардын сегизи Бишкек шаарында, 12си Чүй облусунда, алтоо Ош шаарында, үчөө Нарын облусунда жана төртөө Жалал-Абад облусунда жашайт”, — деп айтылат билдирүүдө.

Республика боюнча жалпы 2054 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0