ӨА учурунда иштеген күч түзүмдөрү кошумча акысын качан алат? Министрдин жообу

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевКөзөмөл пунктта турган ИИМ кызматкерлери. Архив
Көзөмөл пунктта турган ИИМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Финансы министринин билдиргенине караганда техникалык процедураларга байланыштуу кошумча акы төлөө кечигип калды.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Жакынкы күндөрү өзгөчө абал режиминде иштеген укук коргоо органдарынын кызматкерлери кошумча акысын алат. Бул тууралуу финансы министри Бактыгүл Жээнбаева брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, техникалык процедураларга байланыштуу кошумча акы төлөө кечигип жатат.

"Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери өзгөчө абал учурунда жер-жерлерде иштешти. Алардын баарынын тизмесин, суммасын тактаганга көп убакыт кетип калды. Биз баарын тактап өкмөткө жибергенбиз, ал жакта дагы процедуралар бүтүп калды. Өкмөттөн тиешелүү документтерди аларыбыз менен төлөп берүүгө даярбыз. Бюджетте бул акча каралган, буюрса, ушул күндөрү берип калабыз", — деди Жээнбаева.

Белгилей кетсек, премьер-министр Кубатбек Боронов ИИМден сырткары ӨКМ, Чек ара, Генералдык штабдын кызматкерлерине да кошумча акы төлөнүп берилерин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0