Мэрия: коронавирус азайбаса Бишкекти жапканга туура келет

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев брифинг учурунда
Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев брифинг учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балбак Түлөбаев оорунун эң көп табылган учуру июндун аягына туура келерин айтты.  Ал эми Бишкекте коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандар 1 342 адамга жетти.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik.  Эгерде 10-июлга чейин оору төмөндөбөсө, анда 15-июлда шаарды (Бишкекти – ред.), жок дегенде бир жумага жабыш керек. Бул туурасында Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев журналисттерге маек берип жатып айтты.

Видео “Короче” Телеграм-каналына жарыяланды.

"Эгерде 10-июлга чейин оору төмөндөбөсө, анда 15-июлда шаарды (Бишкекти – ред.) жок дегенде бир жумага жаап, чынжырды үзүш керек. Менин оюмча, ушул айдын аягы пик (оорунун көбөйгөн  учуру) болот. Андан кийин дагы 14-14 күн карашыбыз керек. Анда дагы болбосо Бишкекти жапканга туура келет", — деди Түлөбаев.

Ал азыркы абалдан улам элден санитардык-гигиеналык эрежелерди бекем карманууну суранды.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 3 519га жетти. Анын ичинен 2 054 бейтап айыгып чыгып, 41 киши каза тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0