Өкмөт бишкектиктерди маршруттук баракча менен жүрүүгө чакырып, себебин айтты

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOВелосипед тепкен киши Бишкектин жолунда бара жатат. Архив
Велосипед тепкен киши Бишкектин жолунда бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык штаб элге санитардык эрежелерди сактоону, мүмкүн болсо коомдук жайларга жана адам көп топтолгон жерлерге барбай турууну эскертип жатат.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб жарандарга мүмкүндүгүнө жараша бара турган жерлерин жана анын убактысын жазып алууну сунуштап жатат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул эпидемиологиялык териштирүү жүргүзүүгө көмөкчү болот дешти.

"Бишкек жана Чүй облустарындагы медициналык мекемелерге жарандардын кайрылууларынын кескин өсүүсү кошумча коопсуздук чараларын күчөтүүнү талап кылат", —  деген биринчи вице-премьер Алмазбек Баатырбеков Республикалык ыкчам штабдын жыйынында.

Ал жарандарды социалдык обочолонуу режимин сактоого жана өтө зарыл болбосо үйдөн чыкпоого чакырган.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 3 519га жетти. Анын ичинен 2 054 бейтап айыгып чыгып, 41 киши каза тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0