Сот Эмилбек Каипов биринчи май райондук сотунда Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча өкүмдү окуу учурунда

Батукаевдин иши: дарыгер менен ЖАМК төрагасынын кеңешчисине өкүм чыкты

(жаңыланган 17:02 23.06.2020)
Сот процессине судья Эмилбек Каипов төрагалык кылып, тергөө менен кызматташуудан баш тарткан тараптарга өкүм чыгарды.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Бүгүн Биринчи май райондук сотунда Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча айыпталгандарга өкүм чыкты.

Ага ылайык, Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев күнөөлүү деп табылып, эки жыл эркинен ажыратылды. Бирок анын буга чейин тергөө абагында отурган күндөрүн эсепке алуу менен жазасын өтөп бүттү деп таанылып, сот залынан бошотулду.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Батукаевге диагноз койгон академик, Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов да күнөөлүү деп табылды. Аны кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен жазага тартылган жок.

Белгилей кетсек, ушул эле соттун өкүмү менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 11 жыл 2 айга кесилип, эск-прокурор Индира Жолдубаевага 5 миллион сом айып салынды.

Сот процессине судья Эмилбек Каипов төрагалык кылды.

Белгилер:
жетекчи, ЖАМК, өкүм, сот, Азиз Батукаев
Тема:
Батукаевдин ишинин жанданышы (56)
Тема боюнча
Алмазбек Атамбаев 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылды
Индира Жолдубаевага 5 млн сом айып салынып, үй камагына алынды
Врач измеряет артериальное давление. Архивное фото

Оору менен кырсыктан камсыздандырылган жарандарга 14 млн. сом төлөндү

Былтыр камсыздандыруу келишимин 37 миңдей киши түзгөн. Алардын миңге жакыны ар кандай окуяга туш болуп каражат алган.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Өткөн жылы оору менен кырсыктан өзүн камсыздандырган кыргызстандыктарга 14,2 миллион сом берилди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

2020-жылы бул жаатта ыктыярдуу түрдө 36 724 келишим түзүлгөн. Камсыздандыруунун жалпы суммасы 11,9 миллиард сомду түздү. Ал документ толтурган адам ооруганда же кырсыкка учураганда төлөнмөк. Ал эми камсыздандыруу боюнча баштапкы төлөм катары (камсыздандыруу үчүн каражат) 62,8 миллион сом түшкөн.

Улуттук статистика комитети келишим түзгөндөрдүн 858и ар кандай учурга туш келип, 14,2 миллион сом алганын айтты.

Белгилер:
төлөм, камсыздандыруу, кырсык, оору, Улуттук статистика комитети, Кыргызстан
Тема боюнча
Сооронбаев: коңурук тарткан адам ар кандай оору менен жабыркайт
Покупатели оплачивают покупки в супермаркете. Архивное фото

Соода кылгандан кийин чекти ыргытпагыла! Юристтин маанилүү кеңеши

Юрист чекте адамдын аты-жөнү жана банктык картасынын акыркы сандары калып каларын, аны менен шылуундар акча алууну көздөй турганын айтты.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Соода кылгандан кийин чекти дароо ыргытып же кассага таштап салбаш керек. Аны алдамчылар пайдаланып кетиши мүмкүндүгүн РИА Новости юрист Егор Рединге шилтеме берип жазды.

Эксперттин айтымында, чек аркылуу адамдын аты-жөнүн, соода кылган картанын номеринин акыркы төрт санын билип алууга болот. Андан кийин шылуундар сиздин атыңыздан банкка кат жөнөтүп, акчаңызды уурдоого аракет кылышы мүмкүн.

"Ошондой эле алдамчы бул маалыматты колдонуу менен карта ээсин социалдык тармактардан таап, телефон номерин билип алат", — деп эскерткен Редин.

Алдамчылар дүкөндөн бонус топтойм деп чекти сурашат же акырын уурдап алышат. Андан кийин товарды коргоочу магнитинен ажыратып, көтөрүп кетишет. Кокус күзөтчү токтотуп калса башка эле бирөөнүн чегин көрсөтөт. Эгер товар карта менен төлөнсө шылуундар кайра сата алышат, ал эми акча менен төлөнсө кийимди чак келбей калды деп өткөрүп туруп акчасын алып алышат.

Белгилер:
алдамчылык, шылуун, соода, чек, юрист
Тема боюнча
Эксперт банктык карта ээлеринин эң көп кездешкен катачылыктарын атады