Аял төшөктө жатат. Архив

Уйкусу канбаган адамдар кандай дартка чалдыгары айтылды

442
(жаңыланган 09:31 24.06.2020)
Диетолог адам жети сааттан кем уктабаш керектигин эскерткен. Эгер аз уктоо адатка айланса, анда ден соолукта көйгөй жаралат.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Жети сааттан кем уктаган адамда кант диабетине кабылуу тобокелчилиги жогору болот. Бул тууралуу диетолог Светлана Фус билдиргенин РИА Новости жазды.

Анын айтымында, аз уктоо адамды семирип кетүү, гипертония жана жүрөк оорусуна да алып келиши ыктымал.

Диетолог адамдын канча уктаганы менен салмагы тыгыз байланышта экенин баса белгилеген.

"Уктап жаткан учурда организм лептин деп аталган уйку кандырган гормон бөлүп чыгарат. Ал  грелин гормонун (ачкачылык гормонун) пайда кылууга түртөт. Адам канчалык аз уктаса, грелин көп бөлүнүп чыгат дагы адамдын курсагы ача берет. Ошондой эле канда мелатонин (уйку гормону) аз көлөмдө болсо, семирип кетүү тобокелчилиги жогорулайт", — деди адис.

Диетолог адам жети сааттан кем уктабаш керектигин эскерткен. Эгер аз уктоо адатка айланса, анда ден соолукта көйгөй жаралат. Башкача айтканда, зат алмашуу жайлап, адам дайыма чарчаңкы абалда жүрөт. Ошондой эле мээдеги айрым функциялар бузулат.

442
Белгилер:
кеңеш, ден соолук, уйку, адам, диетолог
Тема боюнча
Окумуштуулар уйкусуздуктун таң калычтуу себебин табышты
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүндөгү атайы операция. Архив

Кой-Таш окуясы боюнча соттун онлайн-отуруму жылдырылды. Себеби

17
(жаңыланган 16:54 03.08.2020)
Жогорку соттон кабарлашкандай, Бишкекте соттук отурумдар эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен видео байланыш форматында өтүп жатат.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум 5-августка жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматынан билдиришти.

"Бүгүн видео байланыш форматында өтө турган соттук отурум айыпталуучулардын бири ден соолугуна байланыштуу дарылоочу № 47 абакка которулганына байланыштуу болбой калды. Кийинки отурум шаршемби күнү саат 10:00гө дайындалды", — деп айтылат билдирүүдө.

Жогорку соттон кабарлашкандай, Бишкекте соттук отурумдар эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен видео байланыш форматында өтүп жатат.

УКМК тергөө абагын карантинге жаптыбы? Мекеменин жообу

Кой-Таш окуясы

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларынан соң камакка алынган. Жалпысынан Атамбаев сегиз эпизод менен шектелүүдө. Бул окуядан бир киши каза таап, 175 адамдын дарыгерлерге кайрылганы белгилүү болгон.

Атамбаевден тышкары Кой-Таш окусы боюнча анын тарапташтары Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Марат Шаменов, Рысбек Карыпбек уулу, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев жана Нооруз Капарбек уулу кармалган.

Алмазбек Атамбаев пневмониядан айыгып кайра абакка которулду

ЖК депутаттары Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина жана Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева үй камагында.

 

17
Белгилер:
Алмазбек Атамбаев, Отурум, сот, Бишкек, Кой-Таш
Тема:
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция
Тема боюнча
Атамбаев менен Жолдубаева жазага тартылды. Сот залынан видео
Ош шаарындагы күндүзгү стационар. Архив

Бейтаптар азайып... Оштогу беш стационардын бири ишин жыйынтыктады

33
(жаңыланган 16:57 03.08.2020)
Ушул тапта калаада төрт стационар бейтаптарды кабыл алууда. Анын үчөө күнү-түнү иштесе, бирөө жарыкта гана оорулууларды тейлейт.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Ош шаарында абал салыштырмалуу турукташканына байланыштуу күнү-түнү иштеп жаткан стационарлардын бири жабылды. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, калаа боюнча коронавируска кабылган бейтаптарды тейлеген беш стационар бар болчу. Бейтаптардын саны азайгандыктан Алишер Навои атындагы мектептеги медициналык жай жабылды.

Бишкекте бейтаптар азайып, күндүзгү төрт стационар жабылмай болду

"Учурда Манас-Ата кичи районундагы "Каныкей" ресторанында, Амир-Тимур кичи районундагы жеке клиникада жана Кулатов кичи районундагы "Газпром" спорт мектебинде күнү-түнү иштеген стационарлар ишин улантууда. Ал эми Туран кичи районундагы медресеге ачылган стационар күндүзү гана иштейт", — деп билдирди мэрия.

Белгилей кетсек, республика боюнча вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 37 129га жетсе, анын 2 863ү Ош шаарында катталган.

 

33
Белгилер:
бейтап, стационар, Ош мэриясы, Ош
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Боронов курула турган ооруканалардын сапаттуу болушун талап кылды