Жээнбеков Бишкекке кайтып, анализи чыкканга чейин обочолонуп турат

© Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүМосква шаарындагы Жеңиш парадына келген Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков
Москва шаарындагы Жеңиш парадына келген Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Москвадагы парадга катышуу үчүн барган кыргыз делегациясынын эки өкүлүнөн коронавирус аныкталгандыктан, президент иш-чарага катышпай эле коюуну чечкени айтылган.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков жана делегация мүчөлөрү Москва шаарынан кайтаары менен алгоритмге ылайык бардык талаптарды аткарышат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Буга чейин Москвадагы парадга катышуу үчүн барган кыргыз делегациясынын эки өкүлүнөн коронавирус аныкталгандыктан, президент иш-чарага катышпай эле коюуну чечкени айтылган.

COVID-19 аныкталгандар президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков жана күзөт кызматынын кызматкери болуп чыкты.

“Делегация кайтканда коронавирусту алдын алуу боюнча белгиленген бардык шарттар аткарылат. Анализи коронавирус бар экенин көрсөткөндөр 14 күнгө обочолонуп, ал эми президент баш болгон башка мүчөлөр анализ чыкканга чейин 3 күн үй карантининде болушат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле маалымат катчы буга чейин делегация мүчөлөрү бир нече ирет анализ тапшырып, бардыгы таза чыгып келгенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0