Кызматкерлерден COVID чыкты. Бишкекте эки бала бакча жабылды

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүБала бакча. Архив
Бала бакча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавируска кабылгандар Свердлов жана Ленин районундагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында иштечү.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Борбор калаада эки бала бакчанын кызматкерлеринен COVID-19 аныкталып, мекеме убактылуу жабылды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлады. 

Билдирүүгө ылайык, Свердлов районундагы №35 бала бакчанын бир кызматкери коронавируска кабылып, учурда дарыланууда. Андан сырткары Ленин районундагы №37 бала бакчанын эки кызматкерине да аталган инфекция жуккан.

Госпиталь COVID-19 в УКБ №2 Первого МГМУ им. И. М. Сеченова - Sputnik Кыргызстан
COVID: Бишкектин ооруканаларында орун жетиштүүбү
Ошондой эле Октябрь райондук билим берүү бөлүмүнүн эки кызматкеринен дагы COVID-19 табылганы айтылат.

Кырдаалга байланыштуу мэрия дары бир ирет шаардыктарды үйдө болууга жана 1840 жана 1850 номери аркылуу муниципалитеттин Call-борборуна кайрылууга чакырды.

Ооруга чалдыккандардын саны күн сайын өсүп жатат, бүгүн дагы өлкө боюнча 207 адамдан коронавирус аныкталып антирекорддук көрсөткүч болду. Жалпы жонунан Кыргызстанда 3726 адамга вирус жуккан. Анын ичинен 2082 адам айыгып, 42си каза тапты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0