Министрлик: коронавирусту аныктаган лаборанттар чарчашты, иш абдан көп

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүЛабораториянын кызматкери. Архив
Лабораториянын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда учурда 13 лаборатория бар, анда 16 ПЦР-жабдуу иштейт. Мындан тышкары үч мобилдик лаборатория иш алып барат. Ошондой эле жеке лабораториялардын биринде каалоочулар 2 миң сомго анализ тапшыра алат.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Коронавирусту аныктоо боюнча адистер иштин көптүгүнөн жетишпей, тынымсыз иштеп жаткандыктан, аларды алмаштыруу үчүн жаңы адистер дайындалып жатат. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Модератор ага лабораториялардын ишмердүүлүгү жана бир нече айдан бери иштеген кызматкерлердин абалы тууралуу суроо берди.

“Бизде жабдуу менен ПЦР-тесттер жетиштүү. Кеп лабораторияда иштеген кызматкерлер тууралуу болуп жатат. Мисалы, Нарында үч гана кызматкер бар, алар эки айдан бери тынымсыз иштеди, жумуш абдан көп, адам болгондон кийин чарчоо болот да. Азыр аларды эс алдыруу үчүн медициналык-профилактикалык иш факультетинин бүтүрүүчүлөрүн лабораториялык диагностика адистигине кайра даярдоодон өткөрүп жатабыз”, — деди Каратаев.

Лаборатория кызматкери коронавируска анализ жасоо учурунда - Sputnik Кыргызстан
Антирекорд! Бүгүн Кыргызстанда дагы 228 кишиден коронавирус чыкты
Ошондой эле министрлик зарыл болгон жарандардын баары эч тоскоолдуксуз тест таршыруу үчүн кошумча жеке лабораториялар менен дагы сүйлөшүүлөр болуп жатканын кошумчалады.

Эске салсак, Кыргызстанда учурда 13 лаборатория бар, анда 16 ПЦР-жабдуу иштейт. Мындан тышкары үч мобилдик лаборатория иш алып барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0